Ишемби, 27.04.2024
Бишкек booked.net
+19...+31° C

День: 20.06.2022

«Нурбек Сыдыгалиев дегенди билчү да эмесмин. Гуглга кирип карадым» дейт видеосу чуу болгон кыз

«Нурбек Сыдыгалиев дегенди билчү да эмесмин. Гуглга кирип карадым» дейт видеосу чуу болгон кыз

Социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиевдин кызы делген кыздын видеолору тарап, ал коомчулукта талкуу жаратты. SuperTV каналы дал ошол кызды 20 жаштагы Мээримди таап, маек алды. Видеону толугу менен ...

Чүйдө жол боюндагы мамыга байланган жаран тууралуу милиция маалымат берди

Чүйдө жол боюндагы мамыга байланган жаран тууралуу милиция маалымат берди

Буга чейин социалдык тармактарда Ак-Ордо конушунда уурулук кылган делген кишини жол боюндагы мамыга байлап салышкандагы видео тараган. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден маалымат беришти. Маалыматка караганда, бүгүн, ...

Чүйдө уурулук кылган делген кишини жол боюндагы мамыга байлап салышкан (видео)

Чүйдө уурулук кылган делген кишини жол боюндагы мамыга байлап салышкан (видео)

Социалдык тармактын колдонуучулары Чүйдө уурулук кылган делген кишини жол боюндагы мамыга байлап салышкандагы видео тарап жатат. Маалыматтарга караганда, видео Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл аймагындагы Ак-Ордо конушунда тартылган. Мамыга байланган ...

Эртең, 21-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 21-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

21-июнда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жана тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жана тоолуу аймактарда өткүн ...

Эскертүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Эскертүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. "Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал ...

Акылбек Жапаров Минск шаарына жумушчу сапары менен барды

Акылбек Жапаров Минск шаарына жумушчу сапары менен барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Минск шаарына (Беларусь) жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Эки күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысынын төрагалыгы астында Евразиялык өкмөттөр аралык ...

Марат Казакпаев менен Бакыт Асанбаевдин өлүмү. Жумушчу комиссияны Эдил Байсалов жетектейт

Марат Казакпаев менен Бакыт Асанбаевдин өлүмү. Жумушчу комиссияны Эдил Байсалов жетектейт

Саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү жана "Айыл банк" ААК башкармасынын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин асынган абалда табылган фактыларын изилдөө боюнча жумушчу комиссияны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил ...

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Борбор калаанын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, Айнура Жанышовна Арстанбекова Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын директору болуп дайындалды. Бишкек шаарынын Ленин райондук билим берүү борборунун ...

Депутат комитетте казино боюнча мыйзам долбоору 2-3-окууда каралып, жактырылганын билдирди (видео)

Депутат комитетте казино боюнча мыйзам долбоору 2-3-окууда каралып, жактырылганын билдирди (видео)

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин бюджет комитетинде казино боюнча мыйзам долбоору 2-3-окууда каралып, жактырылганын билдирди. "Мен каршы добуш бердим. Мен каршы болгонумдун себеби, онлайн казиного да, 24 саат бою казинону ...

“Үй-бүлөмдү, ата-энемди таштап, АКШга кете албайм” дейт ырчы Омар

“Үй-бүлөмдү, ата-энемди таштап, АКШга кете албайм” дейт ырчы Омар

Ырчы Омар менен ар кыл темада маектештик. Соңку күндөрү анын АКШга байма-бай каттаганы күйөрмандарынын кызыгуусун арттырып, ал жакка биротоло кетүүсү мүмкүнбү деген суроо жаратып келген. Бул тууралуу ырчынын өзүнөн сурадык.

1-июлдан тарта Бишкектен Жалал-Абадга аба каттамдар күн сайын аткарылат

1-июлдан тарта Бишкектен Жалал-Абадга аба каттамдар күн сайын аткарылат

1-июлдан тарта Бишкектен Жалал-Абадга аба каттамдар күн сайын аткарылат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Аба майдандын басма сөз кызматынан такташкандай, учурда ордо калаадан Жалал-Абадды көздөй учактар жумасына 3 ...

Баткенде жаранды уурдап, өлтүрүүгө буйрук бергенге шектүүлөр кармалды

Баткенде жаранды уурдап, өлтүрүүгө буйрук бергенге шектүүлөр кармалды

Баткен облусунун жашоочусун уурдоону жана өлтүрүүнү уюштурганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка караганда, шектүү өзүнүн тааныштарына эки миллион сом үчүн кылмыштуу буюртманы аткарууну сунуштаган. Милиция кызматкерлери Кадамжай районунда ...

ЖАҢЫЛЫКТАР. Чуу жараткан видео. Вице-спикер «ал менин кызым эмес» дейт

ЖАҢЫЛЫКТАР. Чуу жараткан видео. Вице-спикер «ал менин кызым эмес» дейт

• «Министр ким экенин эл да билбейт». Депутат Базарбаевдин Жогорку Кеңешке келбегенине нааразы болду • «Ал менин кызым эмес». Вице-спикер «атам» деп сүрөтүн жарыялаган кыздын видеосу боюнча үн катты • ...

Мадумаров “Бүтүн Кыргызстандын” мүчөсүнүн Путин тууралуу айткан сөзүнө комментарий берди

Мадумаров “Бүтүн Кыргызстандын” мүчөсүнүн Путин тууралуу айткан сөзүнө комментарий берди

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Динара Чолпонованын Орусиянын президенти тууралуу билдирүүсүнө комментарий берди. Депутат Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында бул Чолпонованын ...

Депутат комитетте казино боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда түз эфир өчүрүлгөнүн билдирди

Депутат комитетте казино боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда түз эфир өчүрүлгөнүн билдирди

Бюджеттик комитетте казино ачуу боюнча мыйзам долбоорун карап жатабыз. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына жазып чыкты. "Бул маселеге кайрыларыбыз менен Жогорку Кеңеш баракчасындагы түз эфир өчүрүлдү", - деп ...

Депутат Бакасов Эдил Байсаловго: «Эсиңиз барда, этегиңизди жыйыңыз»

Депутат Бакасов Эдил Байсаловго: «Эсиңиз барда, этегиңизди жыйыңыз»

"Урматтуу, Эдил Байсалов сизди жанатан бери карап отурам, этикаңызды оңдоңуз", - деди Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Улан Бакасов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго кайрылып. "Мен сизге жердешиңиз ...

Маркумдар Марат Казакпаев менен Бакыт Асанбаевдин жанаша жайгашкан мүрзөлөрү (сүрөт)

Маркумдар Марат Казакпаев менен Бакыт Асанбаевдин жанаша жайгашкан мүрзөлөрү (сүрөт)

Жарандык активист Адилет Али Мыктыбек соцтармактагы баракчасында сүрөт менен бөлүшүп, эсине келбей көз жумган саясат таануучу Марат Казакпаев менен УКМКнын убактылуу кармоочу жайында асынган абалда табылган «Айыл Банктын» насыяларды тескөө ...

2021-жылы Кыргызстанга 540 мекендешибиздин сөөгү жеткирилген

2021-жылы Кыргызстанга 540 мекендешибиздин сөөгү жеткирилген

2021-жылы Кыргызстанга 540 мекендешибиздин сөөгү Жүк-200 менен жеткирилген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Азиз Мадмаров билдирди. ...

Өзбекстанда тоюнда жубайын чаап жиберген жаран: «Кармана албай калдым. Жубайымдан кечирим сурагам»

Өзбекстанда тоюнда жубайын чаап жиберген жаран: «Кармана албай калдым. Жубайымдан кечирим сурагам»

Социалдык тармактарда үйлөнүү тоюнда жубайын башына чапкан жарандын видеосу тараган. Маалыматка караганда, социалдык тармактарга тарап, коомчулукта резонанс жараткан видео ушул жылдын 6-июнунда Сурхандарыя облусунун Узун районунда өткөн үйлөнүү үлпөт тоюнда ...

Бишкекте эл аралык КМШнын жаш киночуларынын “Үмүт” форуму ачылды

Бишкекте эл аралык КМШнын жаш киночуларынын “Үмүт” форуму ачылды

Бүгүн, 20-июнда “Ала-Тоо” кинотеатрында X эл аралык КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинематографтарынын “Үмүт” кинофоруму расмий ачылды. Бул тууралуу  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты. Эл аралык кинофорум Кыргыз Республикасынын ...

Түркиялык жарандын ашказанынан 233 предмет табылган

Түркиялык жарандын ашказанынан 233 предмет табылган

Түркияда операция учурунда 35 жаштагы жарандын ашказанынан мык, таш, айнектин сыныктары баш болгон ар кандай предметтерди алышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Ичи ооруп ооруканага түшкөн 35 жаштагы ...

Келерки окуу жылы мектеп формасы милдеттүү түрдө кийилет

Келерки окуу жылы мектеп формасы милдеттүү түрдө кийилет

"Коомчулукта мектеп формасына байланыштуу маселелер талкууланып жатат, окуу процессинде тараптардын ортосунда айрым пикир келишпестиктер бар", - деп билдирди депутат Айбек Маткеримов бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында. ...

Министр Кулубаев Сауд Арабияга электрондук туристтик виза алууну жеңилдетүүнү макулдашышты

Министр Кулубаев Сауд Арабияга электрондук туристтик виза алууну жеңилдетүүнү макулдашышты

Кечээ, 19-июнда Эр-Рияд шаарында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Сауд Араб Падышалыгына жасаган расмий сапарынын алкагында парламенттин вице-спикери Мишааль Мухаммед Аль-Сулами менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты. Тараптар ...

Депутат мектепти оңдоого ата-энелер акча берип жатканын айтты. Министрдин орун басары муну четке какты

Депутат мектепти оңдоого ата-энелер акча берип жатканын айтты. Министрдин орун басары муну четке какты

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Айбек Маткеримов Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбековадан жылына мектептердин оңдоосуна канча каражат бөлүнөрүн сурады. Министрдин орун басары ...

Бишкектен Алматыга жаңы аба каттамы ачылды

Бишкектен Алматыга жаңы аба каттамы ачылды

Бишкектен Алматыга жаңы каттам ачылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан маалымдашты. Бүгүн, 20-июнда Бишкек-Алматы-Бишкек багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз каттам ачылды. Каттамдарды жергиликтүү «Авиа Траффик» авиакомпаниясы аткарат. Авиакомпания учууларды күн ...

Бир түндө жылдыз болгон келин. Сүрөтчү Татьяна Зеленская кезектеги эмгегин жарыялады

Бир түндө жылдыз болгон келин. Сүрөтчү Татьяна Зеленская кезектеги эмгегин жарыялады

Белгилүү иллюстратор Татьяна Зеленская кезектеги эмгегин "Ынтымак" сейил багында бир түндө жылдызы жанган келинге арнады. "Ынтымак" сейил багында ырдаган айымга арналган фанарт", - деген жазуу калтырган сүрөтчү.  18-июнда Бишкектин «Ынтымак» ...

А сен дагы эле жүрөсүң! Америкада 11 жаштагы кыз лимонад чыгарып, 11 миллион доллар киреше тапкан

А сен дагы эле жүрөсүң! Америкада 11 жаштагы кыз лимонад чыгарып, 11 миллион доллар киреше тапкан

Америкалык өспүрүм кыз лимонад чыгаруу боюнча бизнес ачып, 11 миллион доллар киреше тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Микаила Ульмер аттуу кыз 4 жашында чоң энесинен калган рецепттин ...

Баланы велосипеди менен кошо сел алып кеткен видео тарады

Баланы велосипеди менен кошо сел алып кеткен видео тарады

Социалдык тармактын колдонуучулары сел суусу баланы агызып кеткендеги видео менен бөлүшүп жатышат. Айрым маалыматтарга караганда, окуя 18-июнь күнү Кызыл-Кыя шаарында болгон. Видеодон тургундардын баланы сел суусу велосипеди менен кошо агызып ...

Министр Кулубаев Сауд Арабиянын тышкы иштер министри менен жолугушту

Министр Кулубаев Сауд Арабиянын тышкы иштер министри менен жолугушту

Кечээ, 19-июнда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өзүнүн Сауд Араб Падышалыгына болгон расмий сапарынын алкагында Эр-Рияд шаарында Тышкы иштер министри ханзаада Файсал бин Фархан Аль Сауд менен жолугушуп, анын жүрушүндө ...

Келсинбек Бектемиров Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп дайындалды. Ал тууралуу эмне белгилүү?

Келсинбек Бектемиров Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп дайындалды. Ал тууралуу эмне белгилүү?

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп Бектемиров Келсинбек Базаркулович дайындалды. Бул тууралуу аталган шаардык мэриясынан билдиришти. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон. Жетекчини президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ...

Страница 1 of 3 1 2 3

АРХИВ

Июнь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.