Жекшемби, 27.07.2025
Бишкек booked.net
+23...+34° C

День: 16.09.2022

Саат 15:00гө карата Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарына 42 жабырлануучу түштү

Саат 15:00гө карата Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарына 42 жабырлануучу түштү

16-сентябрда саат 15:00гө карата Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарына 42 жабырлануучу түштү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо минстрлигинен билдиришти. "Алардын ичинен 19 жабырлануучу Баткен облустук бириккен ооруканасында, 18 жабырлануучу Лейлек Жалпы ...

УКМК: «Тажикстан куралдуу кагылышууда аскер кызматкерлерине тиешеси жок жарандарды колдонуп жатат» (видео)

УКМК: «Тажикстан куралдуу кагылышууда аскер кызматкерлерине тиешеси жок жарандарды колдонуп жатат» (видео)

Тажикстан куралдуу кагылышууда аскер кызматкерлерине тиешеси жок жарандарды колдонуп жатат. Мунун далили деп Чек ара кызматынан видео бөлүшүштү. https://serep.kg/wp-content/uploads/2022/09/document_5271981938188492505.mp4

«Манас» аэропорту: «Баткен» аэропорту аткылоого дуушар болгон жок»

«Манас» аэропорту: «Баткен» аэропорту аткылоого дуушар болгон жок»

«Баткен» аэропорту аткылоого дуушар болду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти. Эске салсак, «Баткен» аэропорту аэродромунун элементтерин оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу жабылган. Буга чейин ...

Шакиев: «Депутаттар кооз сүйлөбөй штабдарды түзүп, гумжардам уюштуруу маселесин карадык»

Шакиев: «Депутаттар кооз сүйлөбөй штабдарды түзүп, гумжардам уюштуруу маселесин карадык»

Депутаттар чукул жыйынга чогулуп, окуяны талкууладык. Бул тууралуу депутат Нурланбек Шакиев SuperTV каналына билдирди. "Депутаттар кооз сөздөрдү сүйлөбөй, штабдарды түзүп, аткаруу бийлиги менен тыгыз маалымат алыша тургандай болдук. Гумжардамдарды уюштуруу ...

Талант Мамытов чек арадагы атышуу боюнча: «Президент жыйын өткөргөн соң, чечим кабыл алынат»

Талант Мамытов чек арадагы атышуу боюнча: «Президент жыйын өткөргөн соң, чечим кабыл алынат»

Бүгүн, 16-сентябрда Жогорку Кеңештин алдындагы митингге чыккандардын алдына депутаттар чыгышты. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов чогулгандардын алдына чыгып, маалымат берерин айтты. "Парламент өз ишин кылып жатат. Өкмөттөн маалымат алып, карап ...

Камчыбек Ташиев, Абдикарим Алимбаев жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда эки тараптуу сүйлөшүү башталды

Камчыбек Ташиев, Абдикарим Алимбаев жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда эки тараптуу сүйлөшүү башталды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда эки тараптуу сүйлөшүү башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Жолугушуу Кыргызстан, Өзбекстан, Таджикистан мамлекеттери ...

Тажик аскер кызматкерлери Достук айылындагы мектептин имаратын ээлеп алышты

Тажик аскер кызматкерлери Достук айылындагы мектептин имаратын ээлеп алышты

Саат 14:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал курч бойдон. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Тажик аскер кызматкерлери Достук айылындагы мектептин имаратын ээлеп алышкан. Тажикстандын аскер кызматкерлери чек арага ...

Чек ара кызматы: «Баткен шаарынын аэропортунун чет жакасы аткыланды»

Чек ара кызматы: «Баткен шаарынын аэропортунун чет жакасы аткыланды»

Баткен шаарынын аэропортунун чет жакасы жана шаардын четиндеги объектилер аткыланды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. Тажик тараптын ракеталык системдин аткылоосуна шаардын айланасындагы объектилер да дуушар болду. Жарандык инфраструктуранын объектилери ...

Саат 14:00гө карата Лейлек жана Баткен райондорунда айыгышкан куралдуу кагылышуу жүрүп жатат

Саат 14:00гө карата Лейлек жана Баткен райондорунда айыгышкан куралдуу кагылышуу жүрүп жатат

Саат 14:00гө карата Лейлек жана Баткен райондорунда айыгышкан куралдуу кагылышуу жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. "Тажик тараптын агрессиясынын мизин кайтаруу үчүн УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен ...

Жогорку Кеңештин алдындагы митинг. Акциянын катышуучулары төрага менен жолугуп чыкты

Жогорку Кеңештин алдындагы митинг. Акциянын катышуучулары төрага менен жолугуп чыкты

Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында митинг уланууда. Чогулгандар депутаттардын Баткендеги кырдаалга болгон реакциясын талап кылышууда. Акциянын катышуучуларына буга чейин төрага Талант Мамытов менен жолугушкан жарандар чыгышты. «Азыр бийлик жабыркагандарга жардам ...

ӨКМ: «Эвакуацияланган жарандар жууркан-төшөктөр менен камсыз болууда»

ӨКМ: «Эвакуацияланган жарандар жууркан-төшөктөр менен камсыз болууда»

Саат 13:00гө карата Баткен облусунда жарандар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан эвакуацияланып, убактылуу пункттарына жайгаштырылгандар жууркан-төшөктөр менен камсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. "Ошондой эле жергиликтүү бийлик тарабынан ысык тамак-аш уюштурулуп ...

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жабыркагандардын саны 31ге жетти

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жабыркагандардын саны 31ге жетти

Саат 13:00гө карата Баткен облустук бириккен ооруканасына дагы 13 жабырлануучу түштү. Баткен облустук бириккен ооруканасына жалпы ар кандай жаракат алган 31 жабырлануучу жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. "Абалы ...

Чек ара кызматы: «Тажик тарап жай тургундарды тирүү калкан иретинде колдонуп жатат»

Чек ара кызматы: «Тажик тарап жай тургундарды тирүү калкан иретинде колдонуп жатат»

Кыргыз-тажик чек арасында тажик тарап бир гана оор техниканы эмес, чек арадагы райондун калкын да колдонуп жатышат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.  Маалыматта, тажик тараптын жай тургундарды тирүү калкан ...

Лейлекте атышуу учурунда аялдар жана балдар качып бара жатышат (видео)

Лейлекте атышуу учурунда аялдар жана балдар качып бара жатышат (видео)

Лейлек районунда атышуу учурунда аялдар жана балдар качып бара жатышат. Видеодон ок атышуунун үндөрү угулат. Камерага тартып жаткан адамдын качып жаткан балдарды сооротууга аракет кылып, ошол эле учурда жашын кармай ...

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн тургундары Маргун айылына эвакуацияланып жаткан учурдагы видео

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн тургундары Маргун айылына эвакуацияланып жаткан учурдагы видео

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жергиликтүү тургун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн тургундары Маргун айылына эвакуацияланып жаткан учурдагы видео менен бөлүштү. Чек арадагы ок атышуудан улам үйүн таштай качкандар жолдор жабылуу болгону үчүн ...

«Май, картошка, кесме…» Спорт ордосунда Баткенге гумжардам чогултулуп жатат

«Май, картошка, кесме…» Спорт ордосунда Баткенге гумжардам чогултулуп жатат

Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунун имаратында гуманитардык жардамды кабыл алуу үчүн бирдиктүү борборлоштурулган пункт ачылды. Бул тууралуу медиаштабдан билдиришти. "Баткен облусунун тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүүнү каалаган мекеме-уюмдардан жана жеке ...

Министрлик: «Чек арадагы ок атышуудан каза болгондор тууралуу маалымат жок»

Министрлик: «Чек арадагы ок атышуудан каза болгондор тууралуу маалымат жок»

Чек арадагы ок атышуудан каза болгондор тууралуу маалымат жок. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Буга чейин соцтармакта 9 жаштагы кыздын каза болгону тууралуу билдирүү жарыяланган ...

Чек арадагы атышуудан улам үйүн таштай качкандарды үйүнө чакыргандардын сүрөтү

Чек арадагы атышуудан улам үйүн таштай качкандарды үйүнө чакыргандардын сүрөтү

Чек арада ок атышуудан улам үйүн таштай качкан тургундарды үйүнө чакыргандардын сүрөтү тарап жатат. Буга чейин ӨКМ Арка, Достук, Борбордук, Жаштык айылдарынын 70-80 пайыз тургундары өз алдынча чыгып кетишкенин билдиришкен ...

Чек ара кызматы тажик тарап колдонуп жаткан аскердик техниканын видеосун таратты

Чек ара кызматы тажик тарап колдонуп жаткан аскердик техниканын видеосун таратты

УКМКнын Чек ара кызматы тажик тарап колдонуп жаткан аскердик техниканын видеосун УКМК таратты. Кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде айыгышкан куралдуу кагылышуу уланууда. Тажик тарап оор брондолгон техника, ракеталык система жана ...

ӨКМ: «Арка, Достук, Борбордук, Жаштык айылдарынын 70-80 пайыз тургундары өз алдынча чыгып кетишти»

ӨКМ: «Арка, Достук, Борбордук, Жаштык айылдарынын 70-80 пайыз тургундары өз алдынча чыгып кетишти»

ӨКМ бир нече убактылуу жайгаштыруу пункттарын ачып, калкты кооптуу аймактардан эвакуациялоо боюнча иш чаралар уюштурулуп жатат. Мындан сырткары жергиликтүү тургундар өздөрүнүн унаалары менен коопсуз аймактарга чыгып жатышат. Бул тууралуу ӨКМден ...

Бишкекте Баткенге жөнөп кетүү үчүн тийиштүү дарыгерлер топтолуп жатат

Бишкекте Баткенге жөнөп кетүү үчүн тийиштүү дарыгерлер топтолуп жатат

Бишкекте дарыгерлерди Баткенге жиберүү үчүн топтоо жүрүп жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. "Топтоо жүрүп жатат. Керек болгон учурда жөнөтүлөт. Даярданып жатышат", - дешти министрликтен. ...

УКМК: «Тажик тарап Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет кылып жатат»

УКМК: «Тажик тарап Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет кылып жатат»

Ок атууну токтотуу аракетине карабастан, тажик тарап жаңжал жүрүп жаткан аймакка оор аскердик техникасын алып келүүнү улантып, Кыргызстандын аймагын басып алуу аракетинде аткылоо үчүн бардык арсеналын колдонуп жатат. Бул тууралуу ...

Баткенде кайсы унаа жолдор ачык?

Баткенде кайсы унаа жолдор ачык?

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 216,5-чакырымы (Развилка Чоң-Талаа), 265-чакырымы (Кара айыл бөлүгү), 272-чакырымы (Төрт-Көчө бөлүгү) жана Баткен - Кара-Бак, Баткен - Кызыл-Бел унаа жолдору каттам үчүн жабылган. Лейлек районунун Кайрагач-Кулунду-Арка унаа жолу, ...

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жабыркагандардын саны 18 адамга жетти

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жабыркагандардын саны 18 адамга жетти

Саат 11:00гө карата чек арадагы атышууда жаракат алгандардын саны 18 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. "Алардын абалы жана диагнозу тууралуу маалыматты кийинчерээк беребиз. Баткен облусундагы бардык саламаттыкты сактоо ...

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу. Ак Үйдүн алдында митинг өтүп жатат

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу. Ак Үйдүн алдында митинг өтүп жатат

Бүгүн, 16-сентябрда Жогорку Кеңештин алдында митинг өтүп жатат. Чогулгандар кыргыз-тажик чек арасындагы азыркы кырдаалга тынчсызданышууда. Митингге келгендерге Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов чыккан. 

Жогорку Кеңештин чек арага байланышкан кезексиз жыйыны жабык эшик артында өтөт

Жогорку Кеңештин чек арага байланышкан кезексиз жыйыны жабык эшик артында өтөт

Бүгүн, 16-сентябрда саат 13:00дө төрага Талант Мамытов Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын чакырат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, жыйын жабык эшик артында өтүп, депутаттар Баткен облусундагы кырдаалды ...

Абдикарим Алимбаев: «Тажик тараптын ок атуусун агрессия деп баалайм»

Абдикарим Алимбаев: «Тажик тараптын ок атуусун агрессия деп баалайм»

Бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00 чамасында кыргыз-тажик чек арасында эки тараптуу ок атуулар башталды. Муну мен агрессия деп санайм. Анткени биз күтпөгөн жерден алар атып жатышат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ...

Кыргыз жана тажик УКМКнын төрагалары жолугушууда сүйлөшүп жатышат. Атышуу басаңдады

Кыргыз жана тажик УКМКнын төрагалары жолугушууда сүйлөшүп жатышат. Атышуу басаңдады

УКМК маалымат таратып, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда ок атышууну токтотуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Сүйлөшүүлөргө УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов катышууда. Ушуга байланыштуу ...

Бүгүн Баткенде болуп жаткан окуялар боюнча Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны болот

Бүгүн Баткенде болуп жаткан окуялар боюнча Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны болот

Бүгүн, 16-сентябрь саат 13:00дө Баткенде болуп жаткан окуялар боюнча Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында айтылды. Маалыматка караганда, жыйында кыргыз-тажик чек арасындагы абал талкууланат.

ТИМ: «Тажик тарапка нааразылык нотасы тапшырылды»

ТИМ: «Тажик тарапка нааразылык нотасы тапшырылды»

16-сентябрда тажик тараптын мыйзамсыз жана деструктивдүү аракеттерине байланыштуу министрликтин имаратында тажик тарапка нааразылык нотасы тапшырылды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.  Кыргыз тарап 16-сентябрда мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуп, тажик тарап Кыргызстандын ...

Страница 2 of 3 1 2 3

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.