Эрмек Бекболотов – “Сүйөмүн”
11:07 17.12.2020
Ai-Dolls – “Кыргыздын балдары”
12:33 15.12.2020
Эрмек Бекболотов - "Эмне үчүн"
21:00 14.12.2020
Бүгүн, 19-сентябрда Баткен шаарынын тургуну, ОшМУнун жатаканасына эвакуацияланган эл менен келип жайгашкан 1994-жылкы Каныкей көз жарды. Бул тууралуу ОшМУдан билдиришти. “Каныкейди жатаканадан кечээ керектүү каражаттар менен камсыздап, бата берип узатышкан ...
Буга чейин каза болду делинип, бирок сөөгү табылбай, изделип жаткан "Бөрү" жоокери Жамал Тойчиев аман-эсен табылды. Бул тууралуу социалдык тармакта анын досу жазып чыкты. ”3 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан ...
Жолборс уулу Асан 16-сентябрь күнү туулган күнүндө Тажикстандын кол салуусунан жаракат алган. Учурда улуттук госпиталда дарыланып жаткан чек арачынын учурдагы абалы тууралуу маалымат алдык.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстанга кирип, ал жакта кармалып жаткан чек арачыларды бошотуп чыкты. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине УКМКдан тастыкташты. Маалыматтарга караганда, 4 чек арачы бошотулган. Саат 21:00дө Ташиев ...
Талас облусунун тургуну Манас Болотбеков Тажикстандын куралдуу кол салуусунан бутунан жана акырегинен жаракат алган. Бир ок акырегине тийип, тешип өтүп кеткен. Манас Болотбековдун апасы уулунун аман калганына каниет кылып отурганын ...
Замир Кочкоров Баткендин Арка-2 айылынын тургуну. Ал Тажикстандын куралдуу кол салуусунда белине ок жеген. Ал эми Айтолкун Таштемирова ашказан, жоон ичегисине ок тийген. Алар ошол апаат күндү эскерип, учурдагы абалы ...
Кыргызстандын Бириккен демократиялык кыймылынын Өзбек элине жана бийлигине ыраазычылык билдирген кайрылуу жарыялады. Тажикстандын кол салуусунда Баткен облусуна Өзбекстандын Сох аймагы аркылуу гуманитардык коридорду ачып, айылдардан жайкын жарандарды чыгарууга, башка региондордон ...
Тажик тышкы иштер министринин орун басары бүгүн пресс-конференция учурунда "Ворух – бул анклав эмес..." деди. Анын бул сөздөрү Тажик тараптын Кыргыз жерине көз арткан баскынчы экендигине дагы бир жолу ынандырат.
Тажик тараптын кол салуусунан 26 жаштагы Турсунбаев Эрлан Нурадинович көз жумду. Бул тууралуу Кара-Балта шаардык мэриясынын билдиришти. Ал 1996-жылы Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында туулган. 2015-жылы Алматыдагы Чек ара кызматынын академиясына ...
Чек арадагы окуялар учурунда Баткен облусундагы ооруканаларга 39 кош бойлуу аял кайрылган. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова маалымат жыйынында билдирди. Алардын 27си аман-эсен көз жарган. Анын айтымында, Баткен ...
1-октябрдан тартып аскер кызматкерлерге жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөктөрү жогорулайт. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Жарлыкка ылайык, аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин материалдык жыргалчылыгын ...
Тажикстандын Куралдуу күчтөрү 200дөн ашуун кишини жоготту, 400гө жакыны жарадар болду. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы билдирди. "Аларда ушундай", - деди ал. Кечээ, 18-сентябрда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги өздүк булактарга ...
40 аскер кызматкери Тажикстандын кол салуусунан каза болду. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы маалымат жыйында билдирди. Ал буга чейин мындай сөөк кордолгонун көрбөгөнүн айтты. "Мууздалып, кулактарын кесип..." деди ал. "Буга ...
Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган депутаттар жана аппарат кызматкерлери Тажикстандын кол салуусунан жабыркагандар үчүн кан тапшырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Буга чейин аталган ...
Социалдык тармактарда тажик аскерлерин алаксытып, жанындагы жоокерлерди аман калсын деп, кетирип, өзү калып калган аскердин видеосу тараган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги дал ошол каза болгон капитандын бир тууган иниси менен ...
Бүгүн, 19-сентябрь күнү Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагынын Коткор айылында Тажикстандын кол салуусунан курман болгон Умарбек Курманбековдун сөөгү жерге берилди. Умарбек Курманбеков 2002-жылдын 23-марттында Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл аймагынын Коткор ...
Баткендеги Тажикстандын кол салуусунан 35 жаштагы УКМКнын Чек Ара кызматынын №2053 аскер бөлүгүнүн кызматкери, прапорщик Боркошов Нургазы Имамалиевич каза болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын досу билдирди. "Достук ...
"Мындан ары мындай кайгылуу окуялар катталбаш үчүн бардык күч-аракетти жумшап жатабыз". Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. "Кудай буюрса, мындан ары да мамлекетибизди эч кимге бербестен сактап калууга милдеттүүбүз ...
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин билдирүүсү тарады. Ал Тажикстандын кол салуусунан каза болгон аскер кызматкерлеринин жакындарына көңүл айтты. "Буюрса, бул күндөр да өтөт. Каза болгон биздин жарандарга, алардын туугандарына көңүл айтам. ...
Соцтармакта 15-сентябрь күнү билдирүү илинип, кийин ага өзгөртүү киргизилип, тарай баштаган. Буга байланыштуу билдирүүнүн ээси "Иним өзү мага кайра жөнөттү. Эмне деген акмакчылык? Эмнеге каза болду деп жатасыңар? Бул калп ...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда Кыргызстандын элине кайрылуу жасады. Кайрылуунун видеосу. https://serep.kg/wp-content/uploads/2022/09/img_0158.mp4
УКМК Чек ара кызматынын жетекчилиги жана өздүк курамы оор жана орду толгус жоготууга учурады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. "Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде орун алган куралдуу агрессияда мекенбизди, Баткен ...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда Кыргызстандын элине кайрылуу жасады. "Курман болгон жоокерлерибизди жарык дүйнөгө алып келип, Кыргыз жерин жанындай сүйүп, ага өмүрүн берүүгө даяр кылып тарбиялап өстүргөн энелерге айтаарым, сиздер ...
"Баткенге барабыз деген жигиттер, жаштар сабыр кылыңыздар. Мамлекеттин аскер дараметин мурдагыдай көрбөңүздөр". Бул тууралуу президент Садыр Жапаров элге жасаган кайрылууда билдирди. "Кудайга шүгүр, армиядагы абал бүгүн башка. Чек арабызды бузгусу ...
Тажикстандын кол салуусунан 19 жаштагы Арыстаналы уулу Асатбек көз жумду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жакындары билдиришти. Ал 2003-жылы Ала-Бука районуна караштуу Тенги айылында туулган. Катардагы жоокер Ала-Бука ...
Баткен облусунда Тажикстандын кол салуусунан 8 мектеп, 1 бала бакча талкаланды. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары билдирди. Жогорудагы мектептерде окууну улантуу мүмкүн эмес.
Тажикстандын кол салуусунан каза болгон 26 жаштагы улук лейтенант Бейкут Алмаз уулу жерге берилди. Ал Нарын районунун Эчки-Башы айылында туулган. 2013-жылы Бишкектеги жогорку аскер институтуна тапшырып, окууну 2017-жылы ийгиликтүү аяктап, Баткен ...
Баткендеги Тажикстандын кол салуусунда каза болгондордун арасында 22 жаштагы Бактияр уулу Рамазан да бар. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жакындары билдиришти. "Бактияр уулу Рамазан 2000-жылы Талас облусуна караштуу Манас ...
Соцтармакта куралдуу кол салууда Тажикстандын аскер кызматкерлерин токтотуу үчүн өзүн граната менен жардырып жиберди деп жатышкан Эламан Ураимов 29 жашта болгон. Анын артында 1 уул, 1 кызы калды. Апасы Венера Апызованын ...
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылыштан улам 4 адамдын дайыны чыкпай жаткан. Изделип жаткан адамдар кечээ, 18-сентябрда табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. "Чек арада жайгашкан айылдардын бири – Баткен районунун ...
Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.
Куренкеев көчөсү, 180.
Реклама бөлүмү
+996 (312) 88-29-29
+996 (222)
88-29-29
reklama@supertv.kg
©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.