Шаршемби, 15.05.2024
Бишкек booked.net
+19...+31° C

День: 29.04.2024

Эгиздерге баш кошкон эгиздер | “Үйлөнгөндө бирибиз эшиктен, экинчибиз терезеден кирдик”

Эгиздерге баш кошкон эгиздер | “Үйлөнгөндө бирибиз эшиктен, экинчибиз терезеден кирдик”

“Жан шерик” долбоорунун бул жолку кaармандары Ош шаарынын тургундары. Алар – өзгөчө жубайлар, тагыраагы эгиз түгөйлөр. Каармандарыбыз качан, кайдан таанышып, кантип баш кошуп калышканы тууралуу кенен айтып беришти. Толугу менен ...

30-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

30-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 30-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, ...

Өзгөн райондук сотунун кызматкери алдамчылык боюнча кармалды

«Соттун кызматкери эмес». Соттон УКМК кармаган жаран тууралуу маалымат беришти

Өзгөн райондук сотунун кызматкери алдамчылык фактысы боюнча кармалганын УКМКдан билдиришкен. Ош облустук соту маалымат таратып, кармалган жарандын жумушуна байланыштуу тактоо киргизди. "Кармалган адам сот имаратын оңдоп-түзөөдө иштеген жумушчу жана мамлекеттик ...

Бишкектеги оюн аянтчасындагы балдар аралашкан жаңжал. Милиция маалымат берди

Бишкектеги оюн аянтчасындагы балдар аралашкан жаңжал. Милиция маалымат берди

Бишкектеги соода борборлорунун биринде балдардын ортосунда жаңжал чыгып, ага ата-энелер кийлигишип, балдарга кол көтөрүшкөн. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.  6-апрель күнү милицияга арыз менен аял кайрылган. Анын айтымында, ошол эле ...

Орусияда мыйзамсыз иштеп жүргөн 15 жаштагы кыргызстандык кыз аныкталды

Орусияда мыйзамсыз иштеп жүргөн 15 жаштагы кыздын жанында эжеси болгон

Орусиянын Красноярск шаарында полиция эмгек мигранттары арасында рейд өткөргөн. Текшерүү учурунда 2009-жылы туулган кыргызстандык кыз аныкталган. Коопсуздук кызматкерлеринин айтымында, ал Орусияда мыйзамсыз жашап, ал жакка мыйзамдуу өкүлдөрү жок жалгыз барган. ...

Бишкекте “Ы” тамгасын чагылдырган арт-объект пайда болду

Бишкекте “Ы” тамгасын чагылдырган арт-объект пайда болду

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын 146 жылдыгы белгиленип жатат. Майрамдын урматына “Ынтымак” сейил багында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиевдин, Октябрь райондук администрациясынын башчысы Жаныбек Орозалиевдин, “Российская газета” Борбордук азиядагы ...

Алматыда 3 адамдын өмүрүн алган автобус кырсыгы. Айдоочуну чаап жиберген киши 8 жылга кесилди

Алматыда 3 адамдын өмүрүн алган автобус кырсыгы. Айдоочуну чаап жиберген киши 8 жылга кесилди

Автобустун айдоочусун согуп жиберип, анын кесепетинен 3 киши каза болгон иш боюнча Дархан Ахметжанов 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу vlast.kz жазды. 22-декабрдын кечинде Казакстанда автобус аялдаманын жанында турган топ ...

Электрондук каттоо: 1-класска 59 миң 80 бала катталды

Электрондук каттоо: 1-класска 59 миң 80 бала катталды

Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнүн 29-апрелге карата берген маалыматына ылайык республика боюнча 59 миң 80 бала катталды. Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча: Ысык-Көл облусу: 5547 (жалпы ...

Казакстанда өлүккананын күзөтчүсү жансыз денелерди зордуктоого шектелип кармалды

Казакстанда өлүккананын күзөтчүсү жансыз денелерди зордуктоого шектелип кармалды

Алматыда некрофил кармалганын Azattyq Rıhy жазды. Маалыматка караганда, бул тууралуу журналист Михаил Козачков жазып чыккан. Анын айтымында, шектүү катары шаардык өлүккананын күзөтчүсү кармалган. Аталган факты боюнча Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренеси ...

Бишимбаевдин соту (видео)

Бишимбаевдин соту (видео)

Салтанат Нукенованын өлтүрүлүшү боюнча Казакстандын мурдагы министри Куандык Бишимбаевдин соту уланып жатат. Резонанс жараткан сотту эми түз эфирде SuperTV Youtube каналынан көрө аласыздар. https://youtu.be/MfwspvCBR0Q

Жарыяланган видеодон кийин Ала-Бел таштандыдан тазаланып жатат (видео)

Жарыяланган видеодон кийин Ала-Бел таштандыдан тазаланып жатат (видео)

Социалдык тармактын колдонуучусу Токтогул районунун кире беришинде таштанды жатканын айтып видео жарыялаган. «Эмне деген калкпыз?! Эмнеге өз жерибизди сыйлабайбыз? Бул жерде туристтер да жүрөт. Алардан уялып жатам. Памперс, бөтөлкө, таштандыңарды ...

Кыргыз-тажик чек арасында окко учкан үч чек арачыга куран окулду

Кыргыз-тажик чек арасында окко учкан үч чек арачыга куран окулду

29-апрелде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышууда Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын уулу Эсентур Кубанычбеков баатырларча курман болгон. Бүгүн, 29-апрелде президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жана ...

Өзгөн райондук сотунун кызматкери алдамчылык боюнча кармалды

Өзгөн райондук сотунун кызматкери алдамчылык боюнча кармалды

Өзгөн райондук сотунун кызматкери алдамчылык фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун административдик-чарба бөлүмүнүн кызматкери тарабынан жарандык иш боюнча мүлктүк талашты оң жагына ...

Чүйдө мас адамдардын отурушу өлүм менен аяктады

Чүйдө мас адамдардын отурушу өлүм менен аяктады

Ысык-Атада киши өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 26-апрелде болжол менен саат 22:00дө Ысык-Ата районундагы Сын-Таш айылында 1974-жылы туулган жаран менен 1970-жылы туулган жаран спирт ичимдигин ...

Ири өлчөмдөгү баңги заттарды сактоочу жай табылды (видео)

Ири өлчөмдөгү баңги заттарды сактоочу жай табылды (видео)

Өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сактоочу жай табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК баңги каражаттарын жана башка психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн алкагында Бишкек шаарындагы гараж кооперативдеринин биринде Кыргызстандын мыйзамдарында ...

Ингушетияда спортчу 7 миллион рубль бар баштык таап алып, ээсине кайтарды

Ингушетияда спортчу 7 миллион рубль бар баштык таап алып, ээсине кайтарды

Ингушетияда “Ржавый” атыккан спортчу Рустам Кукурхоев бул жолу спорт талаасында эмес, адамдык сапаты менен өзгөчөлөнду. Пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпиону жана полициянын сержанты үй-бүлөсүндөгү аялдарды базарга алып барган.  Алар соода кылып ...

Жалал-Абад — Балыкчы унаа жолуна көчкү түштү (видео)

Жалал-Абад — Балыкчы унаа жолуна көчкү түштү (видео)

Жалал-Абад-Балыкчы унаа жолунун 63-чакырымында жол убактылуу жабылды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларга жаңы салынып жаткан Жалал-Абад-Балыкчы альтернативдик унаа жолунун 63-чакырымында кечээ, 28-апрелде катуу жааган жамгырдан улам, жолго көчкү ...

Бүгүнтөн баштап №216 кичи маршруттук каттам автобуска алмашат

Бүгүнтөн баштап №216 кичи маршруттук каттам автобуска алмашат

Бишкек шаарында 29-апрелден тарта №216 автобус каттамы иштеп баштайт. Буга чейин аталган каттамда кичи автобус иштеп келген. Мындан ары ушул эле каттам номуру менен автобус жүрө баштайт. Акыркы аялдама Ак-Өргө ...

Аксыда 1500 окуучу Манас айтты (видео)

Аксыда 1500 окуучу Манас айтты (видео)

Аксы районунун борбордук стадионунда “Урааным Манас” аталышындагы Манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынагынын алкагында окуучулар Манас айтышты. Иш-чарага Аксы райондук мамлекеттик администрация башчысы - аким, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын жетекчисинин орун ...

Зардалыга шайлоо бюллетендерин эшек менен алып бара жаткан видео тарады

Зардалыга шайлоо бюллетендерин эшек менен алып бара жаткан видео тарады

Социалдык тармакта Зардалыга шайлоо бюллетендерди эшекке артып алып бара жаткан видео тарады. Видеонун автору "Бизге да жол түшөт, кийинки шайлоодо унаа менен барабыз" дейт.

Түркияда тиш доктур имплантты бейтаптын мээсине чейин бурап салган

Түркияда тиш доктур имплантты бейтаптын мээсине чейин бурап салган

40 жаштагы Рамазан Йылмаз тиши ооруп менчик клиникага кайрылган. Тиш доктур бейтапты 24 жылдык тажрыйбасы бар адис экенине ишендирген. Дарыгер оорулуу тишти жулуп алып, имплант орнотууну сунуштаган.  Бейтап макул болгон ...

Ысык-Көлдүн жээгине 100 метр аралыкта жайгашкан мыйзамсыз курулуштар буздурулуп жатат

Ысык-Көлдүн жээгине 100 метр аралыкта жайгашкан мыйзамсыз курулуштар буздурулуп жатат

Кечээ, 28-апрель күнү Архитектура, курулуш жана турак жай-комуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары Бостери жана Тамчы айылдарында уланууда. Аталган иш-чарага директордун орун басары Бакай ...

Садыр Жапаров Бишкек шаарынын күнү менен куттуктады

Садыр Жапаров Бишкек шаарынын күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын күнү менен борбор калаанын тургундарын жана меймандарын куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү: “Азыркы шаар аймагында байыркы заманда эле адамдар отурукташканын, кийин Улуу Жибек ...

Бүгүн, эртең салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күндөрү. Аны кимдер тапшырышы керек?

Бүгүн, эртең салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күндөрү. Аны кимдер тапшырышы керек?

Эртең, 30-апрелде жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Бүгүн жана эртең бардык аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 24:00гө ...

БШК 3 округдагы шайлоонун акыркы жыйынтыгын 12-майга чейин чыгарат

БШК 3 округдагы шайлоонун акыркы жыйынтыгын 12-майга чейин чыгарат

БШК 12-майга чейин округ боюнча шайлоонун натыйжаларын аныктайт. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктары чыгарылгандан кийин маселе жаралса 3 күндүн аралыгында округдук шайлоо комиссияларына даттанууга болот. Округдук шайлоо комиссиялары участкалык ...

Тажик жарандары Орусияга киргизилбей жатабы? Тажик ТИМи маалымат таратты

Тажик жарандары Орусияга киргизилбей жатабы? Тажик ТИМи маалымат таратты

Орусия миңге жакын Тажик жаранын Москванын аэропортторунда кармап жатканын Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Министрликтин маалыматы боюнча, 27-апрелдин соңуна карата Внуково аэропортундагы убактылуу кармоочу аймакта 954 Тажик жараны, анын ...

Мерген Турган Германияда жеке концертин берди (видео)

Мерген Турган Германияда жеке концертин берди (видео)

Мерген Турган Германиядагы Көлн шаарында жеке концертин берди. Бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жазды. "Көптөн күткөн, бир топ тыныгуудан кийин Германияда Көлндөгү жеке концертим ийгиликтүү аяктады. Жаңы ырларымды элиме тартуу кылдым. ...

Эске салабыз! Бул аптада кыргызстандыктар 2 күн гана иштешет

Эске салабыз! Бул аптада кыргызстандыктар 2 күн гана иштешет

Кыргызстандыктар 1-майдан 5-майга чейин катары менен эс алат. Эмгек министрлиги кийин бул күндөрдүн ордуна башка күндөрдө иштөө керектигин эскертти. Ошондо 2-майдын (бейшемби) ордуна 6-май иш күн деп эсептелет. 5-май Конституция ...

Страница 1 of 2 1 2

АРХИВ

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.