Ишемби, 14.09.2024
Бишкек booked.net
+19...+31° C

День: 29.07.2024

Оор илдетке чалдыккандарга кол сунган Жаныбек Жагообаев

Оор илдетке чалдыккандарга кол сунган Жаныбек Жагообаев

Бул жолку каарманыбыз Кыргызстанда оор илдетке кабылган жарандарды Индияга барып дарыланышына жардам берген Жаныбек Жагообаев. Ал маекте мындай ортомчулук ишке кантип келип калганын айтып берди. WhatsApp номер: +919 871 25 ...

30-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

30-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 30-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн ...

«Ала-Тоо» аянтындагы 100 метрлик флагштокто Кыргызстандын желеги желбиреди

«Ала-Тоо» аянтындагы 100 метрлик флагштокто Кыргызстандын желеги желбиреди

Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы 100 метрлик флагштокто Кыргызстандын желеги желбиреди. Буга чейин мэрия маалымат таратып, өлкөнүн башкы туусу үчүн бийиктиги 100 метр болгон жаңы флагштоктун тетиктерин орнотуу иштери аяктап жатканын билдирген. ...

Париж Олимпиадасы: Спортчулар картондон жасалган керебеттерди көрсөтүштү (видео)

Париж Олимпиадасы: Спортчулар картондон жасалган керебеттерди көрсөтүштү (видео)

Парижде XXXIII Жайкы Олимпиада оюндары өтүп жатат. Спортчулар ТикТоктогу баракчаларына аларга бөлүнгөн бөлмөдөгү уктоочу керебеттер картондон жасалганын айтып, видео тартып жатышат. Айрым спортчулар анын бекемдигин да текшерип көрүшүүдө. https://serep.kg/wp-content/uploads/2024/07/img_6766.mp4 ...

Кыргызстандыктардын Орусияга кирүү маселелери талкууланды

Кыргызстандыктардын Орусияга кирүү маселелери талкууланды

Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев менен Орусиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Сергей Вакуновдун жолугушуусу болду. Анда Кыргыз жарандарынын Орусияга кирүү жана анда жүрүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу ТИМден ...

Ошто 2 тоннадан ашык мыйзамсыз өндүрүлгөн спирт ичимдиктери аныкталды

Ошто 2 тоннадан ашык мыйзамсыз өндүрүлгөн спирт ичимдиктери аныкталды

Ош шаарында 2 тоннадан ашык мыйзамсыз өндүрүлгөн спирт жана спирт ичимдиктери алынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана Министрлер кабинетине караштуу этил спиртин, алкоголдук продукцияны ...

«Жол кырсык, апааттардан алыс болуу үчүн». Ош-Ноокат жолунда түлөө өткөрүлдү

«Жол кырсык, апааттардан алыс болуу үчүн». Ош-Ноокат жолунда түлөө өткөрүлдү

Бүгүн, 29-июлда Ош-Ноокат жолунда түлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти. Ноокат районунун баш имамы Бекназар Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Ош-Ноокат жолунда мал союп түлөө өткөрүп, эл-журттун амандыгын тилеп ...

Бишкекке жаңы флагшток орнотуу үчүн башка өлкөдөн атайын техникалар алып келинген

Бишкекке жаңы флагшток орнотуу үчүн башка өлкөдөн атайын техникалар алып келинген

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата өлкөнүн башкы туусу үчүн бийиктиги 100 метр болгон жаңы флагштоктун тетиктерин орнотуу иштери аяктап жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. "Ишти жүргүзүү үчүн башка ...

Бакай-Ата районунун прокурорунун мурдагы орун басары кармалды (видео)

Бакай-Ата районунун прокурорунун мурдагы орун басары кармалды (видео)

Бакай-Ата районунун прокурорунун мурдагы орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК Башкы прокуратуранын ички чалгындоо кызматы менен биргеликте Талас облусунун Айтматов районунун прокурорунун улук жардамчысын (Бакай-Ата району боюнча прокурордун ...

Бишкекте жарнамалык конструкциялар бузулуп жатат (сүрөт)

Бишкекте жарнамалык конструкциялар бузулуп жатат (сүрөт)

Бишкектин Октябрь районунда жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо боюнча рейддер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Октябрь администрациясынын кызматкерлери Бишкек мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы жана «Тазалык» ишканасы менен биргеликте Кулатов-Ибраимов көчөсүндө рейд ...

Кара-Балтадагы темир жол өтмөгүндө жеңил унаа менен поезд кагышты (видео)

Кара-Балтадагы темир жол өтмөгүндө жеңил унаа менен поезд кагышты (видео)

Кара-Балтадагы темир жол өтмөгүндө жеңил машина менен поезд кагышты. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА агенттигине Чүй ОИИБден тастыкташты. "29-июлда саат 03:00 чамасында Жайыл РИИБге Кожомбердиев менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир жолдо кырсык ...

30-31-июлда тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

30-31-июлда тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

30-31-июлда абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Сел коопсуздук ...

«Менин жашоомо тиешеси жок адамдар кийлигише беришчү». Айсулуу Тыныбекованын маеги жарыяланды (видео)

«Менин жашоомо тиешеси жок адамдар кийлигише беришчү». Айсулуу Тыныбекованын маеги жарыяланды (видео)

“Бирдиктүү күрөш дүйнөсү” эл аралык федерациясы Айсулуу Тыныбекованын маегин жарыялады. Анда кыргызстандык спортчу бөлмөсүн, машыгуучу жерин көрсөтөт. "Мен спортто 14 жылдан бери жүрөм. 14 жыл мурункуга көз чаптыралы. Анда кыз-келиндердин ...

Министрлик ыктыярдуу түрдө жана каза болгондон кийин донор болуу мыйзамын сунушташы мүмкүн

Министрлик ыктыярдуу түрдө жана каза болгондон кийин донор болуу мыйзамын сунушташы мүмкүн

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 29-июлда 2024-жылдын жарым жылдык отчетун берди. Министр Саламаттыкты сактоо министрлиги донор боло турган адамдардын тизмесин кеңейтүүнү каалап жатканын билдирди. Анын айтымында, донор боло турган ...

Министр эмдөөдөн кийин чарчап калган 3 жашар баланын иши боюнча комментарий берди

Министр эмдөөдөн кийин чарчап калган 3 жашар баланын иши боюнча комментарий берди

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызамыкка каршы эмдөөдөн кийин каза болгон 3 жашар баланын иши боюнча комментарий берди. Министр бүгүн, 29-июлда 2024-жылдын жарым жылдык отчетун берди.  Ал белгилегендей, маалымат пайда ...

«Эптеп сүйрөп чыктым». Кыргыз жараны Орусияда рельске кулап түшкөн кишини сактап калды (видео)

«Эптеп сүйрөп чыктым». Кыргыз жараны Орусияда рельске кулап түшкөн кишини сактап калды (видео)

Москвада метрого кулап кеткен жигитти кыргызстандык аял куткарып калды. Бул тууралуу 24.кж жазды. 27-июлда Москванын метросунда Алия Өзбекова адамды куткарып калган. Чечен жараны рельске кулап түшкөн, аял киши муну көрүп, ...

«6 жерине бычак сайган». Жалал-Абадда каракчылыкка шектелип коңшу өлкөнүн жарандары кармалды

«6 жерине бычак сайган». Жалал-Абадда каракчылыкка шектелип коңшу өлкөнүн жарандары кармалды

Жалал-Абадда каракчылыкка шектелип коңшу өлкөнүн жарандары кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. 24-июль күнү саат 20:30 чамасында Сузак РИИБге Өзгөн районунун Чангет айылынын 1994-жылы туулган тургуну кайрылган. Ал Өзгөн шаарынын ...

Садыр Жапаров: «БУУдагы өкүлүбүзгө Нью-Йорктогу батирине айына 5 миң доллар төлөп жатыптырбыз»

Садыр Жапаров: «БУУдагы өкүлүбүзгө Нью-Йорктогу батирине айына 5 миң доллар төлөп жатыптырбыз»

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин жана өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери үчүн сатып алына турган батирлер жана кеңселер боюнча "Кабарга" комментарий берди. — Париждеги элчилигибиздин жаңы имараты менен таанышып жатып, мамлекет дүйнө ...

«Ну-ка, все вместе!» сынагына кыргызстандык ырчы катышып жатат (видео)

«Ну-ка, все вместе!» сынагына кыргызстандык ырчы катышып жатат (видео)

Кыргызстандык Миңжашар Мурзаев Орусиядагы "Ну-ка, все вместе!" сынагында ырдап, кийинки баскычка жолдомо алды. "Мен дайыма ырдаганымды угарман менен бөлүшкүм келчү. Ошол үчүн бул жерге келдим", - деди ал. Ал ырды ...

Депутат Кадырбеков: «Чыныгы эс алуу — бул эрте жатып, эрте ойгонуу»

Депутат Кадырбеков: «Чыныгы эс алуу — бул эрте жатып, эрте ойгонуу»

"Эс алууну - бутту сунуп, колду жайып жатып каалаганча уктоо деп түшүнгөндөр бар. Кадырыңар жан болсун, бирок бул - таптакыр туура эмес ой. Көп уйку - ден-соолуктун, ыймандын, сулуулуктун душманы". ...

Бишкектеги Ахунбаев көчөсүндө жолду оңдоо аяктады (видео)

Бишкектеги Ахунбаев көчөсүндө жолду оңдоо аяктады (видео)

Бишкектин Иса Ахунбаев көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо аяктады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Ошондой эле мэрия анын азыркы көрүнүшү тартылган видеону жарыялады. Маалыматка караганда, оңдоо иштери мөөнөтүнөн эрте аяктаган. ...

Париж Олимпиадасы: япониялык дзюдочу жеңилип калып, шолоктоп ыйлады (видео)

Париж Олимпиадасы: япониялык дзюдочу жеңилип калып, шолоктоп ыйлады (видео)

Япониялык дзюдочу Ута Абэ Париж Олимпиадасында атаандашынан жеңилип калгандан кийин шолоктоп ыйлаган видео талкуу жаратып жатат. 52 килограммга чейинки салмакта Токио олимпиадасынын чемпиону Франциянын борборунда өтүп жаткан Олимпиаданын 1/8 финалында ...

Өзбекстанда 5 адамдан турган үй-бүлөнүн өлтүрүлүшү. Шектүү катары тууганы кармалды

Өзбекстанда 5 адамдан турган үй-бүлөнүн өлтүрүлүшү. Шектүү катары тууганы кармалды

Ташкент облусунун Янгийул районунда 5 адамдан турган үй-бүлөнү атайылап өлтүрүү фактысы иликтенүүдө. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдирди. 26-июль күнү эртең менен өзгөчө кырдаалдар кызматына үйлөрдүн биринде өрт чыкканы тууралуу ...

Бишкектеги сейил бакта жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашта болгон шектүү кармалды

Бишкектеги сейил бакта жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашта болгон шектүү кармалды

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары Бишкектеги сейил бакта 9-класстын окуучусу зордукталганын жазып чыгышкан. Бишкек ШИИБден кылмыш тууралуу маалымат беришти. Милициянын маалыматына караганда, жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка барган ...

АРХИВ

Июль 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.