Жекшемби, 27.07.2025
Бишкек booked.net
+23...+37° C

Месяц: Июль 2024

Бүгүн Парижде Жайкы олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтөт

Бүгүн Парижде Жайкы олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтөт

Бүгүн, 26-июлда Парижде 2024-жылкы жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи болот. Оюндар 26-июлдан 11-августка чейин өткөрүлөт. Ачылыш аземинде Кыргызстандын желегин Эрлан Шеров көтөрүп чыгат. Олимпиадага Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышат.  27-июлда ...

Париж Олимпиадасы: кыргыз дзюдочулардын атаандаштары аныкталды

Париж Олимпиадасы: кыргыз дзюдочулардын атаандаштары аныкталды

Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында дзюдо боюнча чүчү кулак кармалды. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти. Кубанычбек Айбек уулу жана Эрлан Шеров мелдештерин 1/16 финалдан башташат. Айбек уулу 28-июлда күрөшөт, анын ...

Ысык-Көлдүн жээгине конгон тик учактын видеосу тарады (видео)

Ысык-Көлдүн жээгине конгон тик учактын видеосу тарады (видео)

Социалдык тармактын колдонуучусу Жылдызбек Керимбаев ӨКМдин Ысык-Көлдүн жээгине конгон тик учагынын видеосу менен бөлүштү. Маалыматка караганда, тик учак Чок-Талдагы пансионаттардын бириндеги көл жээкке конгон. Окуя боюнча ӨКМ азырынча маалымат бере ...

Ветеринардык кызматтын эсепчиси пара алып жаткан жеринен кармалды

Ветеринардык кызматтын эсепчиси пара алып жаткан жеринен кармалды

Кыргызстандын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын Бишкек башкармалыгынын эсепчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК мамлекеттик органдардагы коррупциялык багыттагы кылмыштарды аныктоо, алдын ...

Сокулукта жаракат алган өспүрүмдү видеого тартып, бутун өптүргөн шектүү кармалды

Сокулукта жаракат алган өспүрүмдү видеого тартып, бутун өптүргөн шектүү кармалды

Социалдык тармакта өзүн "принц" деп атоону талап кылып, жаракат алган өспүрүмгө бутун өптүрүп жаткан жарандын видеосу тараган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден видеодогу жаран кармалганын билдиришти. "Чүйдөгү Сокулук районунда ...

Бишкектеги 44 мектепте сабактар 7:30да башталат

Бишкектеги 44 мектепте сабактар 7:30да башталат

Мэрия маалымат таратып, Бишкектеги 44 мектеп сабактарды 7:30да баштамай болгонун билдирди. "Кабыл алынган токтомдун алкагында, окуу сааттары эртең мененки саат 8:00дөн эрте башталышы мүмкүн экендиги белгиленген. Бүгүнкү күндө 103 муниципалдык ...

«Дүкөнгө чыгып кеткен». Чүйдө 15 жаштагы кыз дайынсыз болуп жатат

«Дүкөнгө чыгып кеткен». Чүйдө 15 жаштагы кыз дайынсыз болуп жатат

Сокулук районунда Амина Поскребышова дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 5-июль күнү Сокулук РИИБге жаран кайрылып, 2009-жылы туулган Амина Поскребышова аттуу небереси ошол эле күнү саат 19:00 ...

Индияда төрөлгөн төрт колдуу, төрт буттуу ымыркай 5 саат жашап, чарчап калды

Индияда төрөлгөн төрт колдуу, төрт буттуу ымыркай 5 саат жашап, чарчап калды

Индияда эки бети, төрт буту жана төрт колу бар, бир адамдай туюлган сейрек кездешүүчү эгиздер төрөлдү. Бул тууралуу Daily Mail жазды. Маалыматта төрөт айылдык ооруканада болгону, эненин толгоосу башталгандан кийин ...

Казакстанда мас абалында унаа башкарган баш имам кызматтан алынды

Казакстанда мас абалында унаа башкарган баш имам кызматтан алынды

Казакстандын Костанай облусунун баш имамы Бахытбек Тажимбет мас абалында унаа башкарып бара жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирүү таратты. Буга чейин ЖМКларда Костанай облусунун баш имамы ...

“Карындаш” тасмасынын жабык көрсөтүүсү дискотекага айланды

“Карындаш” тасмасынын жабык көрсөтүүсү дискотекага айланды

Кечээ, 24-июлда Самат Эркинбековдун “Карындаш" аттуу ретро-комедиясы жабык эшик артында көрсөтүлдү. Тасманын жаратуучулары расмий ачып берген презентацияга ырчылар, актёрлор, блогерлер, саясатчылар, журналисттер жана башкалар барды. Кино бүткөн соң фильмдин саундтреги ...

Казакстанда көз жарган 12 жаштагы кыз кандай шартта жашаган? (сүрөт)

Казакстанда көз жарган 12 жаштагы кыз кандай шартта жашаган? (сүрөт)

Казакстандын Павлодар облусунда көз жарган 12 жаштагы окуучу кыздын жашоосунун чоо-жайы белгилүү болду. Бул тууралуу "Тенгри" жазды. Маалыматка караганда, кыз кош бойлуу экенин ата-энесинен жашырган. Анын боюнда бар экенин биринчилерден ...

26-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

26-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

26-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +35…+40, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +33…+38, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн ...

Садыр Жапаров Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге келди

Садыр Жапаров Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июлда XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге (Франция Республикасы) келди. Мамлекет башчынын борту “Ле Бурже” эл аралык аэропортуна конду. Сапардын алкагында Президент ...

Каракалпакстанда өтүүчү фестивалга кайсы кыргыз ырчысы катышат?

Каракалпакстанда өтүүчү фестивалга кайсы кыргыз ырчысы катышат?

30-июлда Каракалпакстандын Нукус шаарында эл аралык "Достук-2024" фестивалы өтөт. Бул тууралуу аталган фестивалдын соцтармактагы баракчасында жарыяланды. Маалыматка караганда, иш-чарага Кыргызстандын атынан эстрада жана салттуу музыка ырчысы Канышай Сүйүнбай катышат.

УКМК: Жардам сурап кайрылган аксакалдын өтүнүчү канааттандырылды

УКМК: Жардам сурап кайрылган аксакалдын өтүнүчү канааттандырылды

Буга чейин социалдык тармакта Ош облусунун Алай районуна караштуу Сары-Могол айылында жашаган Абдибап Мусулманкулов өлкө башчысына жана УКМК төрагасына кайрылып, кызы Динара Муратовага жана беш небересине өздүгүн тастыктаган документтерин алууга ...

Өзгөчө фонтаны бар. Бишкекте дагы бир сейил бак уюштурулду

Өзгөчө фонтаны бар. Бишкекте дагы бир сейил бак уюштурулду

Бишкектин Чүй проспекти менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинде кичи сейил бак уюштурулуп, ал шаар үчүн көрүнүктүү жер болуп калды. Парктын аймагына шаардык кызматтар тарабынан таман таш төшөлүп, фонтан орнотулуп, көчөлөрдү ...

Аламүдүн — Кой-Таш — Арашан унаа жолундагы көпүрөдө каттам жабылды

Аламүдүн — Кой-Таш — Арашан унаа жолундагы көпүрөдө каттам жабылды

Бир күн аралыгында Аламүдүн-Кой-Таш-Арашан унаа жолундагы авариялык көпүрөнү айланып өтүүчү каттам берилет. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты. Аталган көпүрө Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Заречная айылындагы Аламүдүн-Арашан-Кой-Таш унаа жолунун ...

Икрамов мандатын тапшырып, Сузактагы шайлоо 22-сентябрга дайындалды

Икрамов мандатын тапшырып, Сузактагы шайлоо 22-сентябрга дайындалды

Президент Садыр Жапаров "№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ...

Садыр Жапаров Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге жөнөп кетти

Садыр Жапаров Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июлда Франциянын президенти Эмманюэль Макрондун чакыруусу менен XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге жөнөп кетти. Сапардын алкагында Садыр Жапаровдун “Туруктуу өнүгүү үчүн ...

25-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 25-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +35…+40, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +33…+38, Баткен, Ош, ...

Оштогу сел: агызып кеткен 4 жаранды издөөгө 350 адам чыкты

УКМК: Сел сууларын агызууга арналган жерлер жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен

Ош шаарынын "Туран" кичи районундагы турак үйлөргө келтирилген зыяндын себептерин текшерүүнүн жыйынтыгында, нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен пайда болуучу сел агымынын багыты боюнча жайгашкан жана жашоо үчүн кооптуу жер тилкесин жеке ...

Ташиев аскердик кармаш уруш боюнча КМШ өлкөлөрү арасында эл аралык спартакиаданын жеңүүчүлөрүн куттуктады

Ташиев аскердик кармаш уруш боюнча КМШ өлкөлөрү арасында эл аралык спартакиаданын жеңүүчүлөрүн куттуктады

Бүгүн, 24–июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 10-июлдан 14-июлга чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн “Аскердик кармаш уруш боюнча КМШ өлкөлөрү арасында эл аралык XVI спартакиадага” катышкан Кыргызстан курама командасынын ...

УКМК: Бишкекте жолдорду куруу мөөнөтү бузулгандыгы үчүн кылмыш иши козголду

УКМК: Бишкекте жолдорду куруу мөөнөтү бузулгандыгы үчүн кылмыш иши козголду

УКМК тарабынан мамлекеттик буюртма боюнча иштерди аткарууда, подряддык курулуш компаниялары тарабынан коюлган милдеттенмелерди талаптагыдай аткарууну камсыз кылуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрүн реконструкциялоодо жана курууда тийиштүү ...

Садыр Жапаров Олимпиада оюндарына катыша турган Кыргызстандын курама командасына мамлекеттик тууну тапшырды

Садыр Жапаров  иш сапары менен Францияга барат

Президент Садыр Жапаров Франциянын президенти Эмманюэль Макрондун чакыруусу менен 25-27-июлда Францияга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Алдыда боло турган сапардын алкагында ...

Казак балбан кызы кыргыздардын колдоосуна суктанды

Казак балбан кызы кыргыздардын колдоосуна суктанды

Дүйнөнүн 2 жолку финалисти жана Азиянын 3 жолку чемпиону Жамиля Бакбергенова кыргыздардын колдоосуна суктанды. Анын видеосу соцтармакта жарыяланды. "Мен кыргыз элине суктанам. Ынтымактуу, биримдиктүү калк. Спортсмендерин жапырт колдошот. Бир жолу залда ...

Жети атаң ким? Садыр Жапаровдун ата тегинин «өмүр дарагы»

Жети атаң ким? Садыр Жапаровдун ата тегинин «өмүр дарагы»

"Музейге келгендер ажобуз Садыр Нургожоевичтин ата теги жөнүндө көп кызыгып сурашкандыктан,Долон бий-Бирназар-Нуркожо санжырасынын "Өмүр дарагын" далилдүү санжыралардын негизинде жасап койдук". Ушундай билдирүүнүн коштоосунда Жети-Өгүз районундагы Кален Жетимишбаев атындагы Тарых таануу ...

Бишкектеги стадиондун жаңы кичи аренасынын курулушу жүрүүдө. Видео

Бишкектеги стадиондун жаңы кичи аренасынын курулушу жүрүүдө. Видео

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жаңы кичи аренасынын курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирип, видео бөлүштү. Буга чейин ордо калаа жетекчилиги кичи аренанын курулушу ...

Арстанбаптагы сел: Тазалоо жумуштарына 269 адам тартылды

«Мындай чоң сел биринчи жолу келди». Арстанбапта үйүн суу каптаган тургун эмне дейт?

Бүгүн, 24-июлда саат 13:00гө карата Арстанбап-Ата айыл аймагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 90 куткаруучу, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 554 кызматкер тартылып, сел каптаган аймактардын 60 пайызы тазаланып бүттү. Мындан сырткары 14 ...

Бишкекте бир күн мурда Абдрахманов көчөсү Чүй проспектисине чейин ачылды

Бишкекте бир күн мурда Абдрахманов көчөсү Чүй проспектисине чейин ачылды

Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда. Бүгүн, 24-июлда Ж.Абдрахманов көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү пландан бир күн мурда ачылды. Буга байланыштуу коомдук транспорттун кыймыл ...

Шашылыш билдирүү: Нөшөрлүү жамгыр жаап, сел жүрүшү күтүлөт

Шашылыш билдирүү: Нөшөрлүү жамгыр жаап, сел жүрүшү күтүлөт

25-июлдан 29-июлга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз: ...

Страница 4 of 16 1 3 4 5 16

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.