Жекшемби, 27.07.2025
Бишкек booked.net
+23...+37° C

Месяц: Декабрь 2024

Ооруканага түшкөн жаран каза болду. Шектүүлөр кармалды

Ооруканага түшкөн жаран каза болду. Шектүүлөр кармалды

Улуттук бейтапканага Тез жардам менен жеткирилген жаран каза болду. Шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Кечээ, 29-декабрь саат 14:48 чамасында Бишкек ШИИБдин “102” кызматына Улуттук ...

Январь жана майдагы эс алуу үчүн кайсы күндөр иш күнү болот?

Январь жана майдагы эс алуу үчүн кайсы күндөр иш күнү болот?

2025-жылдагы эс алуу күндөрүн жылдыруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти. Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген, ...

Кыргызстандыктар 7-январга чейин эс алышат

Кыргызстандыктар 7-январга чейин эс алышат

Эмгек министрлиги маалымат таратып, 2025-жылдын 1-январынан 7-январга чейин дем алыш күндөрү деп белгиленгенин билдирди. Жаңы жылдык каникулдар төмөнкүдөй жылды: 2-январдын ордуна 11-январь (ишемби) иш күн 3-январдын ордуна 24-февраль иш күн ...

«Кальмар оюну» сериалынын 2-бөлүгүндө эмне кызыктар бар жана кайсы актёрлор жаңы кирген?

«Кальмар оюну» сериалынын 2-бөлүгүндө эмне кызыктар бар жана кайсы актёрлор жаңы кирген?

26-декабрда "Кальмар оюну" сериалынын 2-сезонунун бардык 7 эпизоду чыкты. 2021-жылы бул корей сериалы дүйнөлүк хит болуп, платформада көрүү боюнча рекорд койгон. Бул жылдар аралыгында "Кальмар оюну" унутулбай, ал тургай Netflix'те ...

Өзгөндө жаңжал чыгып, жабыркаган жарандар ооруканага кайрылышты

Өзгөндө жаңжал чыгып, жабыркаган жарандар ооруканага кайрылышты

Өзгөндө жаңжал чыгып, жабыркаган жарандар ооруканага кайрылышты. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти. 29-декабрь күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Өзгөн районунун тургундары 1988-жылы туулган А.Х., 1990-жылы туулган Х. уулу Н. ...

Казакстандык ырчы Ерке Есмахан кош бойлуу экенин ачыктады

Казакстандык ырчы Ерке Есмахан кош бойлуу экенин ачыктады

Популярдуу казак ырчысы Ерке Есмахан сүйүнүчтүү кабарын бөлүштү. Ал социалдык тармактагы баракчасына кош бойлуу экенин ачыктады. Бул Ерке Есмахан менен жолдошу ырчы RaiM'дын экинчи наристеси. Буга чейин ырчы айым уулун жалгыз ...

Министр: «Кумтөрдөн» бюджетке 4,5 миллиард доллар түштү»

Министр: «Кумтөрдөн» бюджетке 4,5 миллиард доллар түштү»

"Кумтөрдөн" бюджетке 4,5 миллиард доллар түштү. Бул тууралуу Жаратылыш министри Медер Машиев өтүп бараткан жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди. Анын айтымында, быйыл өлкө аймагына 8 миллиондон ашуун көчөт отургузулган. “Кыргыз ...

Ошто баңгизат сатып жүргөн делген топ кармалды (видео)

Ошто баңгизат сатып жүргөн делген топ кармалды (видео)

Ош облусунун аймагында баңгизаттарды сатуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу баңгитоптун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. ИИМдин узак убакыт аралыгында жүргүзүлгөн атайын операциясынын натыйжасында, Ош шаарынын аймагында баңгизат сатуу менен ...

Аламүдүн дарыясынан 4 миң тоннадан ашык таштанды чыгарылды

Аламүдүн дарыясынан 4 миң тоннадан ашык таштанды чыгарылды

Аламүдүн дарыясынан 4 миң тоннадан ашык таштанды чыгарылды. 55 HOWO унаасы болжол менен 214 жолу ташыды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. 27-декабрда өзгөчө кырдаал боюнча машыгуунун алкагында шаардын аймагында биринчи ...

Жол кызматында 47 жылдан бери иштегенин айткан жаран президентке кайрылды

Жол кызматында 47 жылдан бери иштегенин айткан жаран президентке кайрылды

Социалдык тармактарда Бишкек-Торугарт жолунда жайгашкан Кара-Үңкүр тилкесинде 47 жылдан бери жол тейлөө кызматында иштеп келген адамдын кайрылуусу тарады. Анда жаран аталган аймакта электр энергиясы, мобилдик байланыш жок экенин айтып, жадакалса ...

Түштүк Кореядагы учак кырсыгы: 179 адам каза болуп, 7 күндүк аза күтүү жарыяланды

Түштүк Кореядагы учак кырсыгы: 179 адам каза болуп, 7 күндүк аза күтүү жарыяланды

Түштүк Кореянын Муан шаарында 29-декабрдын таңында аэропортто катталган учак кырсыгында каза болгон 179 адамдын сөөгү табылганын Tengrinews.kz жазды.  "29-декабрь күнү саат 21:07ге карата Jeju Air  учагынын кыйрашынан каза болгондордун саны ...

Министр Казакстандагы учак кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардан кабар алды

Министр Казакстандагы учак кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардан кабар алды

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Казакстандагы учак кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардан кабар алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Бүгүн, 30-декабрда Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандыктар Бишкекке жеткирилди. Жабырлануучулардын экөөнүн абалы канааттандырарлык деп ...

Тышкы иштер министри: «2024-жылы 305 миңден ашык виза берилди»

Тышкы иштер министри: «2024-жылы 305 миңден ашык виза берилди»

Узап бараткан жылы Тышкы иштер министрлиги дүйнөдөгү болуп жаткан геосаясаттагы конфликттерге жана кризистерге карабай өзүнүн көп векторлуу саясатын жүргүздү. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып ...

Садыр Жапаров «ипотекага кезек алмашып кетти» дегендерге жооп берип, батир алгандарга кайрылды

Садыр Жапаров «ипотекага кезек алмашып кетти» дегендерге жооп берип, батир алгандарга кайрылды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине мамлекеттик ипотека боюнча маек берди. - Жаңы жыл алдында мамлекеттик ипотека аркылуу миңден ашык үй-бүлөлөр батир алышты. Айрымдар кезектер алмашып кеткенин айтууда. Негизи эле ...

Бишкекте 20 жаштагы жигитке бычак сайылган. Шектүү кармалды

Бишкекте 20 жаштагы жигитке бычак сайылган. Шектүү кармалды

Бишкекте бейбаштыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. 29-декабрь күнү “102” кызматына Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде 20 жаштагы бала бычактан жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу ...

Бишкекте жолдун ортосунда ич кийимчен жүргөн жарандын видеосу тарады

Бишкекте жаран эмне үчүн көчөгө ич кийимчен чыкканын айтты

Кечээ, 29-декабрда социалдык тармактарда «Жолдун ортосунда эркек киши ич кийимчен жүрөт» деген видео тараган.  Окуя боюнча Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, аталган факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Жарандын 1970-жылы ...

Бельгия электрондук тамекилерди сатууга тыюу салат

Бельгия электрондук тамекилерди сатууга тыюу салат

Бельгия 2025-жылдын 1-январынан баштап ден соолук жана экологиялык себептерден улам бир жолу колдонулуучу электрондук тамекилерди сатууга тыюу салат. Бул Европа биримдигинин өлкөлөрү үчүн пионердик кадам. Бельгиянын саламаттыкты сактоо министри Франк ...

Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган Ринатты алып келүүгө учак даяр

Учак кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктар Бишкекке жеткирилди. Алар ооруканада

Бүгүн, 30-декабрда Казакстандын Актау шаарындагы учак кырсыгынан жабыркаган 3 кыргызстандык Бишкек шаарындагы ооруканага Тез жардам кызматы аркылуу жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. "Аларды алып келе жаткан учак Бишкек ...

25 жаштагы жигит TOYOTA CAMRY 80 унаасын утуп алды

25 жаштагы жигит TOYOTA CAMRY 80 унаасын утуп алды

25-декабрда MBANK сыйлык тапшыруунун бул жылдагы акыркы этабын MBusiness жана MKassa компанияларынын “QR аркылуу төлөмдөрдү кабыл ал” акциясынын алкагында өткөрдү. Бул жылдын соңку этабынын жеңүүчүлөрүн сыйлап, баш байке Тоуоta Camry ...

Новопокровкада жол кырсыгы катталып, 5 адам ооруканага жеткирилди

Новопокровкада жол кырсыгы катталып, 5 адам ооруканага жеткирилди

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары "Новопокровка айылында жол кырсыгы катталды" деген видеону бөлүшүүдө. Кырсык боюнча ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымат беришти. Volkswagen Golf 3 үлгүсүндөгү унаа Бишкек-Кант багытында ...

«Евровидениеге барышың керек». Калыстар тобу Бегимай Турусбековага туруп кол чабышты

«Евровидениеге барышың керек». Калыстар тобу Бегимай Турусбековага туруп кол чабышты

Ырчы Бегимай Турусбекова катышып жаткан “Царица” долбоорунун финалына чыкты. Калыстар тобу анын аткаруу чеберчилигине жогору баа берип, ырдын аягында туруп кол чабышты.   Посмотреть эту публикацию в Instagram   Публикация ...

30-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

30-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 30-декабрда өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11; Ысык-Көл ...

Казакстандагы учак кырсыгында жабыркагандарга кенемте төлөнөт

Казакстандагы учак кырсыгында жабыркагандарга кенемте төлөнөт

Тышкы иштер министрлиги маалымат таратып, оор абалдагы 26 жаштагы Ринат Асановду атайын жабдылган аба кемеси менен алып келүүнү эки өлкөнүн министрликтери сүйлөшүшкөнүн билдирди. "Мындан тышкары, учурда абалы жакшы деп бааланып ...

Учак кырсыгынан жабыркаган Ринат Асановду алып келүү үчүн Актауга бригада жөнөп кетти

Учак кырсыгынан жабыркаган Ринат Асановду алып келүү үчүн Актауга бригада жөнөп кетти

Саламаттыкты сактоо министрлигинен бүгүн, 29-декабрда Кыргыз жараны Ринат Асановду мекенине жеткирүү үчүн бардык керектүү медициналык жабдыктары менен медициналык бригада Актау шаарына учуп кеткенин билдиришти.  "Бейтапты ташуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр ...

Садыр Жапаров Кореянын президентинин милдеттерин аткаруучуга көңүл айтты

Садыр Жапаров Кореянын президентинин милдеттерин аткаруучуга көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Boeing 737 жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу Кореянын президентинин милдеттерин аткаруучу Чхве Сан Мокуга көңүл айтты. "2024-жылдын 29-декабрында Корея Республикасынын Муан аэропортунда жүргүнчү учак кулап, анын кесепетинен адамдар ...

Учак кырсыгында аман калган кыргызстандык окуя тууралуу айтып берди

Учак кырсыгында аман калган кыргызстандык окуя тууралуу айтып берди

Социалдык тармактарда учак кырсыгында аман калган кыргызстандык Эрлан Жунушалиевдин окуя тууралуу айтып берип жаткан видеосу тарады. Анда ал учак кулаган соң, аман калган жүргүнчүлөр бири-бирине жардам бергенин айткан.   Посмотреть ...

Бишкекте жолдун ортосунда ич кийимчен жүргөн жарандын видеосу тарады

Бишкекте жолдун ортосунда ич кийимчен жүргөн жарандын видеосу тарады

"Жолдун ортосунда эркек киши ич кийимчен жүрөт" деп билдирет күбө. Видео 28-декабрда Чапаев көчөсүндө тартылган. "Ал жолдо туруп, айдоочуларга тоскоолдук жаратты" деп жазат ал. https://static.bulbul.kg/mp4/9/102339.372aa8f6c6d49c8d1ea63e3f8680396f.720.mp4

Кызыл-Кыя шаарындагы окуу жайда тактай жыйнап жаткан студент каза болду

Кызыл-Кыя шаарындагы окуу жайда тактай жыйнап жаткан студент каза болду

Кызыл-Кыя шаарындагы окуу жайда кокустук катталып, адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарындагы Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык инновациялык жана экономикалык колледжинин студенттери 26-декабрь күнү саат ...

Түштүк Кореядагы учак кырсыгынан 179 адам каза болгону айтылды

Түштүк Кореядагы учак кырсыгынан 179 адам каза болгону айтылды

Түштүк Кореядагы учак кырсыгынан 181 адамдын 179у набыт болгонун Yonhap агенттиги улуттук өрткө каршы кызматына таянуу менен билдирди. Алдын ала маалыматтар боюнча, эки гана адам — жүргүнчү жана экипаж мүчөсү аман ...

Түштүк Кореядагы учак кырсыгынын алдын ала себеби айтылды

Түштүк Кореядагы учак кырсыгынын алдын ала себеби айтылды

Түштүк Кореянын Муан шаарындагы аэропортко конуп жатып кырсыкка учураган учак алдын ала маалыматтар боюнча, канаттуулар менен кагылышкан. "Бийлик өкүлдөрү "Муан учагынын кыйрашына канаттуулардын соккусу себеп болушу мүмкүн" дешти", - деп ...

Страница 2 of 26 1 2 3 26

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.