Бейшемби, 30.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров «ипотекага кезек алмашып кетти» дегендерге жооп берип, батир алгандарга кайрылды

09:50 30.12.2024
1
Садыр Жапаров «ипотекага кезек алмашып кетти» дегендерге жооп берип, батир алгандарга кайрылды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине мамлекеттик ипотека боюнча маек берди.

— Жаңы жыл алдында мамлекеттик ипотека аркылуу миңден ашык үй-бүлөлөр батир алышты. Айрымдар кезектер алмашып кеткенин айтууда. Негизи эле мамлекеттин жарандарды турак жай менен камсыз кылуу саясаты тууралуу айтып берсеңиз?

— Мамлекет МИКке калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу милдетин так койгонбуз. Максатыбызды ийгиликтүү ишке ашыра баштадык.

Мурда ипотека аркылуу 30 пайызын дароо төлөп, калганын 10 жылга 14 пайыз менен үй алышса, азыркы учурда 4 пайызга түшүрдүк. Алдын ала төлөм жок эле мөөнөтүн 25 жылга жылдырдык. Буга чейин ипотеканын 30 пайызын дароо төлөш керек болчу. Калган суммасын 14 пайыз менен 10 жылга эле берилчү.

Жөнөкөй калк менен мамлекеттик кызматкерлер мындай шарт менен үй ала алышчу эмес. Ошонун баарын жоюп, карапайым калк менен мамлекеттик кызматкерлерге жеткиликтүү кылдык. Мисалы, колунда бир аз акчасы бар, бирок үй ала албай жүргөн жарандарыбыз үчүн да өзүнчө эреже киргиздик. 50 пайызын дароо төлөп, 8 пайыз менен 10-15 жылга алышса болот. Бул жакшы шарт. 1-1,5 жылда эле куруп беребиз. Келечекте шарты жок бирок үйгө муктаж болгон карапайым калкты 25 жылдык мөөнөт менен алдын ала төлөмү жок толук камсыз кылабыз. Бирок кичине убакыт керек.

Келе жаткан жылы дагы 10 миңдеген үй-бүлөлөр үй алышат. Азыр үйлөрдү жапырт түрдө салып атабыз. Ушунун баары жакын арада бүтөт. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып батир алгандарга кайрыла кетейин. Өзүнүн чама-чаркына карабай эле, дароо 3 бөлмөлүү батир алгандар бар экен. Жумушу туруксуз, айлыгы аз болсо деле дароо 3 бөлмөлүү батир алып албай алыңарга карап алгыла. Турак үйдү кеңейтүү программасын да киргизгенбиз. Биринчи бир бөлмөлүү алгыла. Аны төлөп бүткөндөн кийин аны алмаштырып кеңейтүүгө мүмкүнчүлүгүңөр бар. Эки бөлмөлүүгө алмаштырсаңар болот. 2 бөлмөлүүнү төлөп бүткөндөн кийин анан 3 бөлмөлүүгө алмаштыргыла. Кыскасы бардык жеңил жана ыңгайлуу шарттарды түзүп бердик.

Эми батир алгандар силер дагы кечиктирбей өз убагында төлөп тургула. Силер төлөгөн акчалар башка жакта жүрүп жаткан курулуштарды каржылоого кетет. Төлөмдү убагында төлөбөй, бир ай кечигип калсаңар эле МИК батирди алып, кезекте турган башка кишиге берип коёт.

Канча убакыт төлөп келген акчаңар да кайтарылбайт. Себеби ижарада жашасаңар айына андан көп акча төлөмөксүңөр да. Амортизация деген бар. Айып пулдары бар.

Ар бир мигрант өз мекенинде жашашы үчүн мамлекеттин бардык күчүн жумшап жатабыз. Ошондуктан ар ай сайын убагынан кечиктирбей төлөп, абдан жоопкерчиликтүү мамиле жасагыла.

Силердин артыңарда батир алам деп кезекте жүз миңдеген жарандарыбыз турганын унутпагыла. Алар да силерге окшоп батир алам деп чоң үмүт менен көптөн бери күтүп келе жатышат. Эгер буга чейин батир алгандардын арасында ал-күчүңөрдү ченебей 3 бөлмөлүү батир алып алгандар болсо дароо бир бөлмөлүүгө алмаштыргыла.

Ошондой эле мындан 5-6 жыл мурда эки, үч бөлмөлүү батир алган учурда мисалы эки балалуу үй-бүлө болсо, азыр беш балалуу болуп калган үй-бүлөлөр бар. Алар азыр батирин кеңейтебиз десе ал жагын да эске алдык. Каалоочулар бир, эки бөлмөлүү батирин өткөрөт да, ордуна үч бөлмөлүүнү ала алышат.

Бул суроо боюнча МИКке кайрылсаңар түшүндүрүп беришет. Ал эми кезекке туруу болсо электрондоштурулган. Аны аттап кетүү мүмкүн эмес. Ар ким өзүнүн кезеги кандай жылып жатканын көрө алат.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:14 27.04.2026
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык санкциялар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жана тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты....

Тариф маселеси талаш жаратты: ишкерлер укуктарын коргоону талап кылууда

Президент менен маек: Алтын, февраль окуялары, Ташиев жана анын үй-бүлөсү тууралуу (толугу менен)

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:26 27.04.2026
0

- Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Убакыт бөлүп, Kaktus.media (Марат Уралиев) суроолоруна жооп берүүгө макул болгонуңуз үчүн рахмат. Суроолорго эч кандай чектөө...

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:20 24.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-апрелде Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кыргыз-орус...

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:35 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы климаттын...

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:52 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке келди. “EXPO” Эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында президент...

Комментарийлер 1

  1. Кочкорова Жаркынай Абдыкадыровна says:
    1 год ago

    Мен дагы үй алгым келет мен ишенем

    Ответить

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

17:16 29.04.2026
Сузактагы мугалимдин окуучуга кол көтөрүшү. Министрликтен мугалимдин кызматтан бошотулганын билдиришти

Өзгөндөгү бала бакча боюнча министрлик үн катты

14:30 29.04.2026
Аксыда сел алган жолдун бир тарабы ачылды

Аксыда сел алган жолдун бир тарабы ачылды

14:28 29.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү