Ишемби, 12.04.2025
Бишкек booked.net
+9...+25° C

День: 07.04.2025

Ноокаттагы улак тартышта 2 унаа зыянга учурады (видео)

Ноокаттагы улак тартышта 2 унаа зыянга учурады (видео)

Социалдык тармактарда Ноокаттагы улак тартыштан видео тараган. Окуя боюнча Ош ОИИБден маалымат беришти. “6-апрель күнү Ноокат районунун Жаны-Ноокат айыл аймагында жайгашкан ат майданында болуп өткөн улак тартышта улакчылар ат майдандын ...

8-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

8-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 8-апрелде түнкүсүн Алай өрөөнүнүн чыгыш тарабында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Баткен, Ош, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо карга айланат. Абанын ...

Токмокто 4 жаштагы кызды таап, апасына өткөрүп беришти

Токмокто 4 жаштагы кызды таап, апасына өткөрүп беришти

Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери адашып үйүн таппай калаган 4 жаштагы Адиля аттуу бөбөктү таап апасына өткөрүп беришти. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Алгач милиция кызматкерлери кыздын апасына балдарды ...

Депутат ишембиликке чыккан мугалим, тарбиячылар боюнча: «Алар мамлекеттин кулу эмес»

Депутат ишембиликке чыккан мугалим, тарбиячылар боюнча: «Алар мамлекеттин кулу эмес»

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ага бала бакчадагы тарбиячы, мектептеги мугалимдер жапырт кайрылганын айтты. Анын айтымында, азыр жума сайын ишембилик өтүп жатат. "Мугалим балдар менен беш күн иштейт, алтынчы күнү ...

Бишкекте жаран милицияга пара берип жаткан жеринен кармалды

Бишкекте жаран милицияга пара берип жаткан жеринен кармалды

Бишкекте пара берүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка караганда, Тергөө кызматынын тергөөчүсү кайрылган. Анда, А.С., аттуу жаран байкесине байланыштуу тергелип жаткан иш боюнча байкесинин жоопкерчилигин жеңилдетип берүүнү суранып, ...

Бишкекте айрым автобустардын кыймылы өзгөрдү (схема)

Бишкекте айрым автобустардын кыймылы өзгөрдү (схема)

Бүгүн, 7-апрелде жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштерине байланыштуу Рыскулов көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилиши убактылуу жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Курулуш иштери 7-апрелден 23-апрелге чейин жүргүзүлөт. Бул аралыкта айрым автобус ...

Алагозов: «Садыр Жапаров Twitter’де расмий баракча ачып, аны жеке өзү колдонуп жатат»

Алагозов: «Садыр Жапаров Twitter’де расмий баракча ачып, аны жеке өзү колдонуп жатат»

Президент Садыр Жапаров Twitter’де расмий баракча ачып, аны жеке өзү колдонуп жатат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди. "Мамлекет башчысынын X (Twitter’деги) аккаунту тууралуу "Фейк эмеспи" деген көптөгөн ...

Таласта бала бакчанын ачылышы болду (сүрөт)

Таласта бала бакчанын ачылышы болду (сүрөт)

Талас облусунун Аманбаев айыл аймагында Дастан Анарбеков атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Бала бакчанын ачылыш аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, ...

Дубайга жакын жерде ичинде туристтер бар аба шары кулап түштү (видео)

Дубайга жакын жерде ичинде туристтер бар аба шары кулап түштү (видео)

Бириккен Араб Эмираттарында туристтер бар аба шар кулады. Окуянын кесепетинен эки чет элдик турист каза болуп, дагы бир нечеси жаракат алганын Shot Telegram-каналы билдирди.  Маалыматка караганда, каргашалуу окуя экскурсия учурунда ...

Таласта 5 миң орундуу стадион курулат. Камчыбек Ташиев мезгил кутусун салды

Таласта 5 миң орундуу стадион курулат. Камчыбек Ташиев мезгил кутусун салды

Бүгүн, 7-апрель күнү Талас шаарынын жаңы Борбордук стадионунун курулушу алдында мезгил кутучасын салуу аземи орун алып, ага Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев жана шаардын тургундары катышышты. Бул тууралуу Кыргыз ...

Ботаникалык бакты оңдоо иштери башталды (видео)

Ботаникалык бакты оңдоо иштери башталды (видео)

Бишкек шаарындагы Ботаникалык бакты оңдоо жана калыбына келтирүү иштери башталды. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. "Көп жылдан бери кароосуз калган бул аймак, тилекке каршы, коопсуздугу начарлап, кылмыштар ...

Белгилүү ырчы Эмин Агаларов Садыр Жапаров менен жолукканын жарыялады

Белгилүү ырчы Эмин Агаларов Садыр Жапаров менен жолукканын жарыялады

Белгилүү ырчы Эмин Агаларов Кыргызстанга келип, концерт берген. Ал президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болгонун айтып, видео жарыялады. "Бүгүн биз Кыргызстанда кызыктуу күн өткөрүп, дүйнөнүн эң кооз жерлеринин бири – ...

«Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесине жетекчи дайындалды

«Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесине жетекчи дайындалды

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү" мамлекеттик мекемесинин директору кызматына Айнура Чокморова дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Билим берүү жана илим министрлигинин конкурстук комиссиясынын ...

Пётр Чернышёв маркум жубайы Анастасия Заворотнюктун бейитин гүлгө орогон видео тарады

Пётр Чернышёв маркум жубайы Анастасия Заворотнюктун бейитин гүлгө орогон видео тарады

Спортчу Пётр Чернышёв кызы менен каза болгон жубайы Анастасия Заворотнюктун туулган күнүндө анын бейитин ал жакшы көргөн роза гүлдөрүнө бөлөгөн видео тарады. Спортчу көзү өткөн жубайын дайыма эстеп, анын элесин ...

Кызыл-Кыяда 8 айдан бери дайынсыз болуп жаткан жаран Ысык-Көлдөн табылды

Кызыл-Кыяда 8 айдан бери дайынсыз болуп жаткан жаран Ысык-Көлдөн табылды

Кызыл-Кыя шаарында 8 айдан бери дайынсыз болуп жаткан жаран Ысык-Көл облусунан табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. Кызыл-Кыя ШИИБге Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айылынын тургуну кайрылып, 2024-жылдын 16-сентябрь күнү ...

Балбак Түлөбаев: «Малды буудай менен байлап, элди оорутуп жатабыз»

Балбак Түлөбаев: «Малды буудай менен байлап, элди оорутуп жатабыз»

Бүгүн, 7-апрелдеги Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Балбак Түлөбаев буудай менен байланган малдын айынан кыргызстандыктар кант диабети, кан басымынын жогорулашы менен жабыркап жатканын айтып чыкты. "Мурда малды арпа, сулу менен ...

Алмазбек Атамбаевдин 7-апрель элдик революция күнүнө карата кайрылуусу

Алмазбек Атамбаевдин 7-апрель элдик революция күнүнө карата кайрылуусу

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 7-апрель элдик революция күнүнө карата кайрылуусу анын соцтармактагы баракчаларында жарыяланды."7-апрель өлкөбүздүн тарыхында өзгөчө күн, жүрөктө өзгөчө сезимдерди ойготот. Зөөкүрлүктү, зомбулукту кабыл албаган элибизге сыймыктануу. Ала-Тоо майданында ошол ...

Дүйнөдөгү эң ири асма көпүрөнү куруу иштери аяктап калды (видео)

Дүйнөдөгү эң ири асма көпүрөнү куруу иштери аяктап калды (видео)

Кытайда Хуацян чоң каньону аркылуу өткөн дүйнөдөгү эң бийик көпүрөнү куруу иштер соңуна чыгып калды. Бул тууралуу Кытай басылмалары жазышууда. Маалыматка ылайык, узундугу 2890 метр болгон темир асма көпүрө капчыгайдын ...

Дагестанда ээсинин мүрзөсүндө 7 жыл жашаган мышык өлдү (видео)

Дагестанда ээсинин мүрзөсүндө 7 жыл жашаган мышык өлдү (видео)

Ээсинин мүрзөсүндө дээрлик 7 жыл жашаган махачкалалык Хатико аттуу мышык өлгөнүн Usatiy-Striped жаныбарларга жардам берген уюм жазды.  "Хатико өлдү. Эмне үчүн көпчүлүк адамдар анын окуясына ишенишкен жок? Себеби адамдар мышыктай ...

«Манас» аэропортунда оңдоо иштерине байланыштуу кечки каттамдар токтотулат

«Манас» аэропортунда оңдоо иштерине байланыштуу кечки каттамдар токтотулат

“Манас” эл аралык аэропортунда учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери башталгандыктан, дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү саат 18:00дөн 03:00гө чейин авиакаттамдар токтотулат. “Авиакомпаниялардын баары оңдоо иштери тууралуу кабардар болду. Жүргүнчүлөргө рейстердин ...

Окумуштуулар Кытайда катуу жер титирөө коркунучу бар экенин эскертишти

Окумуштуулар Кытайда катуу жер титирөө коркунучу бар экенин эскертишти

Кытайлык сейсмологдордун тобу Кытайда жана ага коңшу аймактарда Мьянмада болгондой катуу жер титирөөлөр болушу мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. Пекиндин жер титирөө агенттигинин окумуштуулары жакынкы жылдарда Кытайда жана ...

Бүгүндөн тарта Жаш гвардия бульварынын дагы бир бөлүгү жабылат

Бүгүндөн тарта Жаш гвардия бульварынын дагы бир бөлүгү жабылат

Бүгүн, 7-апрелден тарта Жаш Гвардия бульварынын Токтогул көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки батыш тарабы убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Ошондой эле Жаш Гвардия бульварынын Бөкөнбаев көчөсүнөн тартып, Киев көчөсүнө ...

“Кыргыздын аялдарына орусиялык саякатчылар таң калып кетишкен” дейт Сулайман Кайыпов

“Кыргыздын аялдарына орусиялык саякатчылар таң калып кетишкен” дейт Сулайман Кайыпов

“Аял – улут жүзү” берүүсүнүн бул жолку коногу профессор, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер, тарыхчы Сулайман Кайыпов. Коногубуз эмнеге кыргыздын кыздары кыйын келет, кыргыз аялдары кандай касиеттерге ээ болушкан, генофондго ...

Шайлоо эми кандай өтөт? Депутаттардын жана активисттердин пикири

Шайлоо эми кандай өтөт? Депутаттардын жана активисттердин пикири

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр каралган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү. Ага ылайык, өлкө боюнча 30 шайлоо округу түзүлүп, анын ар биринде ...

Футболчу Александр Мищенко менен жубайы футбол талаасында «гендер пати» өткөрүштү (видео)

Футболчу Александр Мищенко менен жубайы футбол талаасында «гендер пати» өткөрүштү (видео)

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Александр Мищенко жубайы менен "гендер пати" өткөрүштү. Видеосун социалдык тармактагы баракчасына жарыялашты. Видеодон көргөндөй, "гендер пати" футбол талаасында өткөн жана түгөйлөр кыздуу болушат. Мищенко 2024-жылдын ...

Бишкекте көчөдө мушташкан жигиттер боюнча милиция маалымат берди (видео)

Бишкекте көчөдө мушташкан жигиттер боюнча милиция маалымат берди (видео)

Буга чейин социалдык тармактарда көчөдө топ болгон жарандар мушташып жаткан видео тараган. Окуя боюнча Бишкек ШИИБден маалымат беришти. Маалыматка караганда, 6-апрель күнү Бишкек ШИИБдин “102” кызматына Бишкектеги эс алуу жайларынын ...

Дмитрий Бивол Токмоктун тургундары менен жолугуп, суроолоруна жооп берди (видео)

Дмитрий Бивол Токмоктун тургундары менен жолугуп, суроолоруна жооп берди (видео)

Кечээ, 6-апрелде Токмок шаарынын борборунда тургундар Дмитрий Бивол менен жолугушту. "Көз айнек менен чыкканыма кечирим сурайм, күн бет маңдай тийип жатат. Мени колдооңуздар үчүн ыраазычылык билдирем. Беттештерди көрүп, мени менен ...

Бишкекти айыл деп атаган сүрөтчү талкууга түштү (видео)

Бишкекти айыл деп атаган сүрөтчү талкууга түштү (видео)

Социалдык тармактарда Бишкекти айыл деп тарыхча жүктөгөн сүрөтчү жана интернет колдонуучусу Тина Боровых талкууга калды. Интернет колдонуучуларын чет жерден келген коноктун Бишкекти айыл дегени кыжырданткан.   Посмотреть эту публикацию в ...

АРХИВ

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.