Шаршемби, 04.06.2025
Бишкек booked.net
+18...+32° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик түзүлүп, аны Равшан Сабиров жетектейт

18:08 11.03.2022
0
Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик түзүлүп, аны Равшан Сабиров жетектейт

Президент Садыр Жапаров «Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Республиканын экономикасына инвестицияларды, анын ичинде чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу Кыргыз Республикасынын экономикалык саясатынын жана чет өлкөлөр менен өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп эсептелет.

Республиканын инвестициялык потенциалын жогорулатуу, экономиканын артыкчылыктуу чөйрөлөрүнө жана тармактарына инвестицияларды тартуу, экспортко багытталган атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны өндүрүү менен инвестициялоо процессинин өз ара байланышын камсыз кылуу максатында, Конституциянын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алынып, токтом кылынды.

Инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүүнүн маанилүү багыттары болуп төмөнкүлөр эсептелсин:

— экспортко багытталган атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны өндүрүү максатында Кыргыз Республикасынын артыкчылыктуу чөйрөлөрүнө, тармактарына жана региондоруна инвестициялоого ата мекендик жана чет өлкөлүк ишкерлер үчүн дем берүү жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, ошондой эле ар бир мамлекеттик органдын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инвестицияларды активдүү тартууга көмөк көрсөтүү боюнча милдеттерди кынтыксыз аткаруусу;

— өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу маселелерин чечүү үчүн мамлекеттин финансылык каражаттарын, эл аралык финансылык институттардын жана чет өлкөлүк өкмөттүк финансылык уюмдардын зайымдык ресурстарын жана техникалык көмөк көрсөтүү каражаттарын (гранттарын) пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө болуучу инвестицияларды борбордоштуруп башкаруу системасын түзүү;

— Кыргыз Республикасынын эл аралык беделин жакшыртуу, экономиканын тармактарын жана өлкөнүн региондорун динамикалуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу, алдыңкы технологияларды трансфер кылуу үчүн чет өлкөлүк, анын ичинде түздөн-түз инвестицияларды кеңири тартуу, инвестициялык климатты ырааттуу өркүндөтүү;

— республиканын экономикалык кызыкчылыктарын эске алуу менен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ишкердик субъекттеринин чет өлкөлүк инвесторлор, соода өнөктөштөрү, чет өлкөлүк өкмөттүк жана эл аралык уюмдар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;

— экономикалык туруктуу өсүштү камсыз кылуу максатында оптималдуу бажылык-тарифтик саясатты жүргүзүү, экспорт кылуучуларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү, соода инфраструктурасын, электрондук коммерция системасын ырааттуу өнүктүрүү, бул чөйрөдөгү мыйзамдарды өркүндөтүү;

— ата мекендик товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тышкы рынокторго чыгуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, натыйжалуу транспорттук коридорлорду түзүү, жеткирүүлөрдүн географиясын диверсификациялоо максатында заманбап логистикалык борборлорду өнүктүрүү;

— тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн эл аралык стандарттардын жана техникалык регламенттердин талаптарына ата мекендик товарлардын шайкештигин жана продукциянын сапатын башкаруунун заманбап системаларын кеңири киргизүүнү камсыз кылуу, сооданын туруктуу өсүшүн жана инвестициялык саясаттын активдешүүсүн камсыз кылган алдыңкы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү;

— ишкердик иштин субъекттеринин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону жүргүзүү;

— экономиканын артыкчылыктуу тармактарында ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууну жана ишке ашырууну камсыз кылуу, инфраструктуралык жана институттук кайра өзгөртүүлөрдү жүргүзүү, жагымдуу укуктук, экономикалык-уюштуруучулук шарттарды түзүү.

Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги «KADI» мамлекеттик мекемесинин базасында президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик болуп түзүлсүн.

Улуттук агенттик бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, чет өлкөлүк инвестицияларды тартууну координациялоо, эл аралык финансылык институттар жана чет өлкөлүк өкмөттүк финансылык уюмдар менен кызматташуу, ошондой эле Кыргыз Республикасына тышкы кайтарымсыз көмөк көрсөтүү каражаттарын (гранттарды, техникалык көмөктү, максаттуу кайтарымсыз жардамды) тартуу чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү жана координациялоо үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп эсептелет деп аныкталсын.

Бул жарлык менен президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп Сабиров Равшанбек Азатович дайындалды.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Садыр Жапаров «Борбор Азия-Италия» саммитине катышуу үчүн Астанага барды

Садыр Жапаров «Борбор Азия-Италия» саммитине катышуу үчүн Астанага барды

Автор Айзада Тураркулова
16:35 30.05.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-майда «Борбор Азия-Италия» саммитине катышуу үчүн Астана шаарына  иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан...

Садыр Жапаров эртең Казакстанга барат

Садыр Жапаров эртең Казакстанга барат

Автор Эдита Ильясова
16:10 29.05.2025
0

Президент Садыр Жапаров 30-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен «Борбор Азия-Италия» биринчи саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Астана...

Садыр Жапаров: «Ташиевдердин үй-бүлөсү мунай базасын сатып, төрөт үйүн салып берди»

Садыр Жапаров: «Ташиевдердин үй-бүлөсү мунай базасын сатып, төрөт үйүн салып берди»

Автор Эдита Ильясова
10:35 13.05.2025
0

Сузак районундагы Чокмор айылында Эне жана баланы коргоо борбору ачылды. Иш-чарага өлкө башчысы Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев...

Садыр Жапаров жоокерлер мазакталган окуя боюнча ар тараптуу иликтөө жүргүзүүнү тапшырды

Садыр Жапаров жоокерлер мазакталган окуя боюнча ар тараптуу иликтөө жүргүзүүнү тапшырды

Автор Эдита Ильясова
11:10 12.05.2025
0

Президент Садыр Жапаров жоокерлерди мазактаган окуя боюнча тиешелүү органдар ар тараптуу жана объективдүү иликтөөнү камсыздап, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде катуу жоопко...

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге катуу сөгүш берилди

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге катуу сөгүш берилди

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:14 12.05.2025
0

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы жөнүндө” мыйзам менен кабыл алынган...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Жапаров: «Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай Бакиевге карыз эмесмин»

Жапаров: "Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай Бакиевге карыз эмесмин"

10:11 04.06.2025
Нарындан Токмокко мал сатып алууга келген жаран дайынсыз болуп жатат

Нарындан Токмокко мал сатып алууга келген жаран дайынсыз болуп жатат

10:52 04.06.2025
Ошто күйөөсүнүн колунан ажал тапкан келин боюнча пост жазган жарандын агасы кармалды

Ошто күйөөсүнүн колунан ажал тапкан келин боюнча пост жазган жарандын агасы кармалды

11:42 04.06.2025
Жапаров: «Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай Бакиевге карыз эмесмин»

Жапаров: "Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай Бакиевге карыз эмесмин"

1
Министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстанга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстанга барды

17:41 04.06.2025
Чүйдө унаанын терезесинен чыгып алган жарандын видеосу тарады

Чүйдө унаанын терезесинен чыгып алган жарандын видеосу тарады

17:28 04.06.2025
Түштүк Кореяда жаңы президент кызматка киришти

Түштүк Кореяда жаңы президент кызматка киришти

16:57 04.06.2025

АРХИВ

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
« Май    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү