Ишемби, 12.07.2025
Бишкек booked.net
+17...+33° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

«Элибизге биримдик берсин, дүйнөгө тынчтык жана ынтымак ыроолосун!». Садыр Жапаровдун Орозо айт майрамы менен куттуктоосу

09:37 02.05.2022
0
«Элибизге биримдик берсин, дүйнөгө тынчтык жана ынтымак ыроолосун!». Садыр Жапаровдун Орозо айт майрамы менен куттуктоосу

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-майда кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу: 

“Биз бүгүн адамдын руханий дүйнөсүн тазарта турган кечиримдүүлүктүн, кайрымдуулуктун, мээримдүүлүктүн мектеби болгон берекелүү Орозо айынан өтүп, аны жаркын маанай менен узатып турабыз. Отуз күндүк Орозо эркибизди тарбиялап, ыйманыбыздын бекемделишине, адеп-ахлактуу болууга чоң түрткү болду.

Баарыбызга белгилүү болгондой, коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам, Айт намазы мурдатан салт болуп калгандай, ордо калаанын аянтында окулбай келген. Жаратканга шүгүр, бүгүн кайрадан жаңыртылган аянтта жүз көрүшүп, Айт намазын жамаат менен окуганы турабыз.

Ислам дининдеги жөнөкөйлүк, сабырдуулук, ак ниеттүүлүк, чынчылдык, жоопкерчиликтүү болуу, улууну урматтап, кичүүнү ызааттоо, үй-бүлө жоопкерчилигин моюнга алуу, бир тууганчылык жана башка баалуулуктар адамдын жашоо образынын жалпыга бирдей рухий мурасы, чен-өлчөмү катары саналат. Демек, бул динди тутунгандар, анын ичинде Кыргызстандагы момун мусулмандар адептүүлүктүн, кайрымдуулуктун, мээримдүүлүктүн үлгүсү катары өздөрүн өрнөктүү алып жүрүшү керек.

Он эки айдын султаны деп айтылган бул ыйык Орозо айында жакшы ниет, аруу тилектер айтылып, кайрымдуулук иштер арбын болду. Колу ачык инсандарыбыз жан дүйнөсүн тазалап, бул ыйык айдын урматына көптөгөн сооп иштерге себепкер болуп, жардамын аябай, бир топ жарандарыбыздын ажатын ачууга ашыгып, аракет кылгандыгына бекем ишенем. Себеби тынчтыктын, ынтымактын данакери болгон Ислам динибиздин беш түркүгүнүн бири Орозо кармоо адам баласын жакшылыкка жетелеп, жаштарды туура жолго үндөөрү жалпыга белгилүү.

Коомчулукта ислам маданияты менен кылым карыткан кыргыз маданиятынын ортосундагы байланыш тууралуу талкуу жүрүп калат. Эки маданиятты карама-каршы коюуга далалат кылган чагымчылар жана диний сабаты төмөн түркөйлөрдүн жетегине жетеленбөө керектигин белгилеп кетейин. Себеби, биздин ата-бабаларыбыздан калган макалдардын, накыл кептердин Ислам баалуулуктары менен төп келерин ошол эле аалымдар, ошол эле илимпоздор айтып келатышат.

Ошону менен бирге өлкө жарандары болобу, же жалпы эле адамзат болобу Ислам дини ынтымактын дини экендигин жакшы билишет. Элибизде “коңшуңду ууру тутпа” деп айтылса, мусулманчылыкта коңшу-колоңдор менен ынтымакта болууга чакырат эмеспи. Ошондуктан, ыйык Орозо айынын урматына жалпы мусулман элдери ынтымактуу болуп, сабыр кылып, кыйынчылык башка түшкөндө бири-бирине кол сунуп, эриш-аркак жашоого милдеттүү.

“Жакшылык кылууда бири-бириңер менен жарышкыла” – деп Ыйык Куранда айтылгандай, жеке эле Орозо айында эмес, мындан ары дагы колунда барларды муктаждарга кайрымдуу, мээримдүү болууга, араздашкандарды бири-биринен кечирим сурап элдешүүгө, жакын алака-катыш менен жылуу мамиледе болууга, тууган-урук менен мамилени чыңдоого чакырам. Ар бир жасаган жакшылык иштерибиз Жараткандын ыраазычылыгына ээ болуп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым болоруна үмүтүбүз чоң.

Кыргызстаныбыздын жамы журту, өлкөбүздү мекен тутуп, байырлаган ар кыл этностордун өкүлдөрү “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, ынтымакта, биримдикте болуп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымыбызды кошо берели.

Орозо айтта Жараткан ар бир үйгө береке берсин, бакыт жана жарык маанай тартууласын. Өлкөбүзгө токчулук, өнүгүү, ийгилик алып келсин, элибизге биримдик берсин, ал эми дүйнөгө тынчтык жана ынтымак ыроолосун!

Дагы бир жолу Орозо айт майрамыңыздар менен куттуктайм!

Айтыңыздар маарек болсун!”.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Президент Садыр Жапаров Чолпон-Атада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Чолпон-Атада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:07 29.06.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-июнда Чолпон-Ата шаарында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды. Тараптар эки тараптуу жана көп...

Министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстанга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстанга барды

Автор Эдита Ильясова
17:41 04.06.2025
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстандын Душанбе шаарына жумуш сапары менен барды. Төраганын учагы Душанбе эл аралык аэропортуна конду. Аны...

Жапаров: «Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай Бакиевге карыз эмесмин»

Жапаров: «Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай Бакиевге карыз эмесмин»

Автор Эдита Ильясова
10:11 04.06.2025
1

3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясына карата, айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү коомчулукта түрдүү пикирлерди...

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камакка алынабы? Президенттин жообу

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камакка алынабы? Президенттин жообу

Автор Эдита Ильясова
10:00 04.06.2025
0

Өлкө башчысы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек берип, "Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камакка алынабы? Же сот чечими өзгөрүшү мүмкүнбү?" деген...

Жапаров: «Мурдагы президенттерди Дубайга чогулткандан кийин абал тынчыды»

Жапаров: «Мурдагы президенттерди Дубайга чогулткандан кийин абал тынчыды»

Автор Эдита Ильясова
09:53 04.06.2025
0

3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясына карата, айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү коомчулукта түрдүү пикирлерди...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Индияда 25 жаштагы кызды өз атасы атып салды

Индияда 25 жаштагы кызды өз атасы атып салды

19:58 12.07.2025

Бишкектеги Эркиндик проспектисинде 28 көчөттү сындырып кетишти

17:42 12.07.2025
Милиция акча катып, элди издеткен блогерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Милиция акча катып, элди издеткен блогерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү

10:51 12.07.2025
Индияда 25 жаштагы кызды өз атасы атып салды

Индияда 25 жаштагы кызды өз атасы атып салды

19:58 12.07.2025

Бишкектеги Эркиндик проспектисинде 28 көчөттү сындырып кетишти

17:42 12.07.2025
Ош шаарында жүздөй энеге орден, медаль тапшырылды (видео)

Ош шаарында жүздөй энеге орден, медаль тапшырылды (видео)

10:59 12.07.2025

АРХИВ

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
« Июн    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү