Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстандын Душанбе шаарына жумуш сапары менен барды.
Төраганын учагы Душанбе эл аралык аэропортуна конду. Аны Тажикстандын премьер-министринин орун басары Усмонали Усмонзода жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропорттун флагштокторуна көз карандысыз Мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик желектери илинди.
Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Ошондой эле, эки тараптуу жолугушуулар жүргүзүлөт жана бир катар документтерге кол коюлат.