«Сыйлыктар тапшырылган сайын 80 пайызы эмгеги үчүн алып, 20 пайыздайы тааныш-туунуш менен алчы эле. Бул жолу тескерисинче болуп калгандай. Ак жүргѳн байкелер, тараза ооп бараткансыйт. Алдырбагыла. Таза жүргѳндѳр чалып сурай башташты, «искусствого, профессионализмге кайдыгер мамиледен тажадык, акчасын деле берет элек, кимге бериш керек экен» дей башташты. Андай нерсеге аралашып кѳрбѳгѳн мен дагы эмне деп жооп беришти билбейт экенмин.
Былтыр кыргыз киносунун 80 жылдыгында 3 эле кинематографистке сыйлык берип коюшкан. Маданият министри Азамат Жаманкулов сѳз берди эле, «туура эмес болуп калды, кийинкисинде болгон күчүмдү жумшайын, кинематографисттер кѳп ийгиликтерге жетишип жатасыңар» деп. Же кинону түшүнбѳйбү, же анын сѳзүн угушпайбы? Болбосо комиссияга какшап, тастыктап бере турган биринчи киши министр эмеспи? Кыргыз киносун ѳнүктүрѳ турган стратегиялык маанилүү бир канча долбоорду Маданият министрлиги дагы, департамент дагы колдобой койгонун ѳзүнчѳ жазайын.
Баса, кинематографисттердин акыркы бир жылдагы эле ийгилигин айтып ѳтсѳм:
Кыргызстандын бренди – киносу. Же материалдык жактан колдой албайсыңар, же моралдык жактан колдой албайсыңар, же кинематографисттер дагы жакшылыгыңарга барып ырдап берип, тоюңарда тамада болуп жүрсүнбү? Кино тармагы – маданияттын эң чоң тармагы. Миңдеген адам кызмат ѳтѳйт, канча кино театрлар, студиялар бар. Канча үй-бүлѳ жанын багып келе жатат. Кыргызстан жѳнүндѳ канчалаган ѳлкѳ кино аркылуу тааныйт. Анан сыйлыкка келгенде башка бир мекеме алган сыйлыктардын теңинен аз алып калышат.
Геннадий Базаров, Манас Мусаев, Темир Бирназаров, Эрнест Абдыжапаров, Садык Шер-Нияз, Эмиль Борончиев сыяктуу дагы кѳптѳгѳн ага-эжелерибиз татыктуу эмепи? Канча режиссер, оператор, сценаристтер, сүрѳтчүлѳр, монтажерлор, үн режиссерлору, аниматорлор, кийим боюнча сүрѳтчүлѳр, гримерлор, продюсерлер, экинчи состав жүрѳт. Анан итке сѳѳк ыргыткансып 2-3 сыйлык таштап коесуңар. Же алардын дагы ѳлүшүн күтүп жүрѳсүңѳрбү? Кѳзү ѳткѳндѳн кийин берели деп? Эрнест Абдыжапаров берсеңер дагы албайт. Ѳзүнѳн сурабай туруп алып барып бериш керек. Алып койчу деп сураныш керек. Кайдыгерлик мамиледен эбак тажап, принциптерин ѳзгѳрткѳн.
Сыйлыктарды тааныш-билиш менен берүүнүн кесепетин сезбей турасыздар. Бүгүн чуркап жүрүп сыйлык алгандар эртен ѳздѳрү сыйлыкты кимге берүүнү чече башташат. Кезеги келгенде алар дагы байке-жакесине берет. Ошентип жүрүп ансыз дагы далай нерсени талкаладыңар. Андан кѳрѳ жоюп эле салбайсыңарбы? Баса, жогору жактагылар, тезирээк мушкерлердин баарына бирден үй алып бергилечи. Мүмкүн ошондон кийин маданият ѳкүлдѳрүнѳ кезек жетет. Жок дегенде искусство деп ѳмүрүн арнагандардын сѳѳгү ѳз үйүнѳн чыгып калсын», — деп жазды ал.