Ырчы Клара Алибекова уулу Байэлдин туулган күнүндө унаа белек кылды. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасында жазды.
«Чынында апамдан мындай белекти кабыл алуу мага бир аз ыңгайсыздык жаратса, бир чети күтүлбөгөн белекке кубандым! Эмоциям дагы деле көз алдыман, жүрөктөн кетпей турат. Мени төрөп, мени багып, дайым менин жанымда болгонуңузга рахмат. Багыма дайым сиз да бар болуңуз. Белек үчүн, жашоо үчүн сизге өмүрчөлүк көп рахматым болсун! Эмки чоң белек менден болсун», — деп жазды уулу.
Посмотреть эту публикацию в Instagram