Бишкек шаарында 17-сентябрга белгиленген ырчы Гүлназ Чыныбек кызынын жеке концерти убактылуу жылдырылды. Бул тууралуу ырчы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.
«Концертти бир аз убакытка жылдырууга аргасыз болуп турам. Элиме каргашалуу окуя күтүүсүз келип турса кантип ырдайм?
Бийликтин буйругу менен Спорт Ордосу бүгүндөн тарта Баткен элине гуманитардык жардам чогултуучу пункт болуп жарыяланды. Октон качып талаада жүргөн мекендештерибизге колубуздан келген жардамыбызды берели.
Ал эми билет сатып алган угармандарым, сиздер да туура түшүнүп бир аз күтө турасыздар деген ойдомун. Абал турукташса, элимде тынчтык эртерээк орносо, алты айдан бери даярданып жаткан концертти сөзсүз беребиз», — деп билдирди Гүлназ Чыныбек кызы.
Ырчы Клара Алибекова уулу Байэлдин туулган күнүндө унаа белек кылды. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасында жазды. "Чынында апамдан мындай белекти...
Мирбек Атабеков менен Мээрим Төлөпберген бирге видео тартышты. Мээрим Төлөпберген видеону өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөп, катталуучуларын мурдагы жолдошунун концертине...
Эмгек сиңирген артист, обончу, аткаруучу Айбек Карымов үйлөндү. Бул тууралуу ырчы өзүнүн концертинде элге билдирди. Ырчы жубайын элге тааныштырып, жүгүнттү....