Кечээ, 25-ноябрда Элдик курултайга Кара-Суу районунан келген Абдыкерим Бекмурзаев айрым айыл өкмөттөр коррупцияга батканын айтты.
«Барактыктар биз жаман кыйналдык. Бул айыл Өзбекстандын ичинде анклав болчу. 2014-жылга чейин коридор ачылат деп, элге туулган жерин таштоо кыйын болду. Баары бир таштап чыгууга мажбур болдук. Ал жактан эл кийимин эле алып чыкты. Ушул күнгө чейин 8 жыл адырдын ичинде кескелдирик жедик, урматтуу президент, ушинтип жашап келе жатабыз. Ак-Таштын тушуна жерлер өтөт деп жатышканын угуп сүйүндүк. Айыл өкмөттөр коррупцияга баткан. Өлө-өө, өлө-өө коррупция, коррупция! Бир айыл өкмөт эски малкананын жерин ээлеп алган. Аны бузуп, сатып, азыр мазар болуп жатат. 11 гектар. Ошону мен «бул 11 гектар жерди кө*үңө тыгасыңбы?» деп айттым. Элге бер, бул жерде жетим-жесир бар, колунда жоктор бар, 50-60 миң сомдон беришсин десем да, ынаган жок», — деди ал.
Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев мыйзамга ылайык келбегендиктен үйлөрү бузулуп жаткан жарандардын маселелерин чечүү боюнча өлкө жетекчилигинин кароосуна сунуш киргизди....
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Өзгөн — Мырза-Аке — Кара-Кулжа эл аралык маанидеги автоунаа...
Кыргызгидрометтин синоптиктеринин божомолуна караганда, өлкөдө 8-14-август күндөрү эң жогорку температура 10-августта күтүлөт. Ал күнү абанын температурасы +39 градуска чейин ысыйт. Өлкөнүн...
Бүгүн, 7-августта агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркта чогултулган “Алтын Казык” ноутбуктарын министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө өткөрүп берүү...