Кечээ, 15-декабрда Лондондо «Баарыбыз чогуу Рождествого» концерти өтүп, ага падышанын үй-бүлөсүнүн дээрлик бардык мүчөлөрү барышты. Иш-чара быйыл сентябрь айында көзү өткөн ханыша Елизавета IIге арналды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.
1 / 3
-+
Концертти ханбийке Кейт Миддлтон уюштуруп, ал иш-чарага үй-бүлөсү менен биринчи болуп келди. Тагыраагы ханзаада Уильям жана уулу Жорж менен кызы Шарлотта коштоп киришти. Интернетте Кейт Миддлтондун падыша Карл III менен консорт-ханыша Камиллага реверанс жасаган видеосу тарап, ал жылуу кабыл алынууда. Анын мындай ийилүүсүн каада-салтка таазим кылуу, тарыхка жана падышанын үй-бүлөсүнө сый көрсөтүү катары баалап жатышат.
Невозможно загрузить видео из-за сетевого или серверного сбоя либо формат не поддерживается.
Начало диалоговго окна. Кнопка Escape закроет или отменит окно
Конец диалогового окна.
Концерттин күнү бир жагынан Меган Маркл менен ханзаада Гаррининдаректүү сериалынын соңку эпизодунун көрсөтүлүшү менен дал келип калды. Анда алардын падышанын үй-бүлөсүнө карата таарынычтары айтылган.
Батыш Казакстан облусунун Сырым районундагы Жымпиты айылында үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен беш бала каза болду. Кырсык болгон учурда ата-энеси үйдө...
Түштүк Кореяда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо оппозициядагы Демократиялык партиянын талапкери Ли Чжэ Мён жеңди. Санактарга ылайык, ага шайлоочулардын 49 пайызы...
Казакстандын Түркестан облусунун Сарыагыш районунда 3 жаштагы кыз дааратканага түшүп кетип, чарчап калган. Күбөлөр жок болгон үчүн кыз этиятсыздыктан түшүп...