Жума, 06.06.2025
Бишкек booked.net
+19...+38° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«Эл-журтка уят болуудан алыс болуңуздар». ИИМдин башчысы жаңы жетекчилерге кайрылды

11:31 28.12.2022
1
«Эл-журтка уят болуудан алыс болуңуздар». ИИМдин башчысы жаңы жетекчилерге кайрылды

Бүгүн, 28-декабрда ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешме өткөрүп, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарынын ички иштер башкармалыктарына дайындалган жаңы жетекчилерди өздүк курамга тааныштырды. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.

“Өзүңүздөр күбө болгондой, Нарын облусунун Кочкор районунда жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда орун алган жагымсыз окуялардан улам, айрым облустук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилерин ротациялык түрдөгү дайындоолорду ишке ашырдык. Сиздерди дайындоонун алдында ар бириңиздер менен жекече сүйлөшүп, жарандардын коопсуздугун камсыздоону күчөтүү боюнча тапшырмаларды берип, өздүк курам арасындагы мыйзамдуулукту сактоо жана зарыл чараларды уюштуруп, жүргүзүүнү табыштадым”, — деди Улан Ниязбеков.

Ички иштер министринин буйругу менен дайындалган жетекчилер өздүк курамга тааныштырылды. Алар:
• Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына милициянын полковниги Канат Жумагазиев дайындалды. Мурда ал Ысык-Көл ОИИБдин начальниги кызматын ээлеп келген;
• Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына милициянын полковниги Жеңиш Абитов дайындалды. Мурда ал Ош ОИИБдин начальниги кызматын ээлеп келген;
• Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков дайындалды. Мурда ал ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальниги кызматын ээлеп келген;

• Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына милициянын полковниги Орунбай Кочкоров дайындалды. Мурда ал ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматын ээлеген.

“Бүгүнтөн баштап өз ишиңиздерди күчөтүлгөн тартипте жүргүзүп баштаңыздар. Эл-журтка уят болуудан алыс болуп, ар бириңиздер өз милдетиңиздерди мыйзам чегинде аткарып, коомчулуктун ишенген тиреги болууга жетишиңиздер”, — деди сөзүн жыйынтыктап жатып ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков.

 

1 / 8
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Депутат Эльдар Сулайманов калкты акысыз медициналык кароодон өткөрүү саамалыгына катышты

Депутат Эльдар Сулайманов калкты акысыз медициналык кароодон өткөрүү саамалыгына катышты

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:25 06.06.2025
0

Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгеси менен Бишкек шаарынын тажрыйбалуу дарыгерлери Ош облусун кыдырып, жергиликтүү калкты бекер медициналык кароодон өткөрүштү. Онкологиялык оорулардын...

Айт намазга барган Оштун мэри сүрөткө чогуу түшкүсү келгендердин курчоосунда калды. Видео

Айт намазга барган Оштун мэри сүрөткө чогуу түшкүсү келгендердин курчоосунда калды. Видео

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:13 06.06.2025
0

Бүгүн, 6-июнда Ош шаарындагы 68 мечитте Курман айт намаздары окулду. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев борбордук "Сулайман-Тоо" мечитинде Айт намазга...

Садыр Жапаров Курман айт майрамына карата окулган Айт намазга катышты

Садыр Жапаров Курман айт майрамына карата окулган Айт намазга катышты

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:02 06.06.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын борбордук мечитинде ыйык Курман айт майрамына карата окулган Айт намазга катышты....

Айт намазы учурунда жол тыгынына жана жол кырсыктарына жол берилген жок

Айт намазы учурунда жол тыгынына жана жол кырсыктарына жол берилген жок

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:50 06.06.2025
0

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери өлкө аймагындагы бардык мечиттерге бөлүнүп, Айт намазы учурунда күчөтүлгөн тартипте коомдук тартипти жана жол кыймылынын...

«Кыргызстанды “Ата Мекеним!” деген ар бир Кыргыз жаранына өзгөчө көңүл бурабыз». Садыр Жапаровдун Курман айт майрамына карата куттуктоосу

«Кыргызстанды “Ата Мекеним!” деген ар бир Кыргыз жаранына өзгөчө көңүл бурабыз». Садыр Жапаровдун Курман айт майрамына карата куттуктоосу

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:36 06.06.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-июнда кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Бул майрам – боорукердик, кайрымдуулук, жоомарттык...

Комментарийлер 1

  1. Editaa says:
    2 года ago

    Европага карап түздөнгубүз келет. Кана эми ошоңор? Ошондой болсо могу отурган жетекчи эбак кызматын таштап, элден ийилип кечирим сурап, отставкага кетмек. А бул кайра акыл айтып отурат…

    Ответить

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Чүйдө психикалык жактан ооруган апасын багып, үй салган 14 жаштагы кызга жардам көрсөтүлдү

Чүйдө психикалык жактан ооруган апасын багып, үй салган 14 жаштагы кызга жардам көрсөтүлдү

16:26 05.06.2025
Кичинекей Аслан Золгенсма уколун алды (видео)

Кичинекей Аслан Золгенсма уколун алды (видео)

14:35 05.06.2025
MBANK MProfi кызматын ишке киргизди — текшерүүдөн өткөн адистерди издөө үчүн жаңы кызмат

Жалал-Абадда 10 жылдан бери психиатриялык ооруканада жаткан жаран дарыланууга которулду

15:13 05.06.2025
Депутат Эльдар Сулайманов калкты акысыз медициналык кароодон өткөрүү саамалыгына катышты

Депутат Эльдар Сулайманов калкты акысыз медициналык кароодон өткөрүү саамалыгына катышты

10:25 06.06.2025
Айт намазга барган Оштун мэри сүрөткө чогуу түшкүсү келгендердин курчоосунда калды. Видео

Айт намазга барган Оштун мэри сүрөткө чогуу түшкүсү келгендердин курчоосунда калды. Видео

10:13 06.06.2025
Садыр Жапаров Курман айт майрамына карата окулган Айт намазга катышты

Садыр Жапаров Курман айт майрамына карата окулган Айт намазга катышты

10:02 06.06.2025

АРХИВ

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
« Май    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү