«Дүйнөлүк чемпионатта Аргентинаны жеңген жалгыз команда Сауд Арабия болду. Мен бул жакка жеңиштен ырахат алууга келдим». Бул тууралуу Криштиану Роналду билдирди.
Криштиану Роналду Сауд Арабияга келип, «Аль-Наср» командасынын оюнчусу катары алгачкы маалымат жыйын берди. Аны «Мрсул-парк» стадионунда күйөрмандары тосуп алышты.
«Мен жашоомдо бул маанилүү чечимди кабыл алганыма сыймыктанам. Акыркы 10-15 жылда футбол өзгөрдү, азыр ар бир эле команданы жеңүү оор. Дүйнөлүк чемпионатты мисалга алсак, Аргентинаны жеңген жалгыз команда Сауд Арабия болду. Мен бул жакка жеңиштен ырахат алууга келдим», — деди ал.
Айрым маалыматтарга караганда, Криштиану Роналду жылына 90 миллион евро (бонустар менен 200 миллион еврого чейин жетиши мүмкүн) айлыктан тышкары келишимде анын хансарайда жашоосу, ага жана анын үй-бүлөсүнүн муктаждыгына ашыгы менен көңүл бурулуусу, Испания менен Португалияга бекер барып келип туруусу да каралган.
Бүгүн, 5-июнь күнү Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү раунду алкагында конокто Түндүк Корея...
5-июнь күнү Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Түндүк Корея курамасына каршы ойнойт. Оюн Эр-Риядда өтөт. Футбол сүйүүчүлөрү үчүн "Ала-Тоо" аянтында...
Кечээ, 1-июнда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 31-майда жана 1-июнда өткөн «Мурас» футболдук мелдеши жыйынтыкталды. Мамлекет башчысы өз сөзүндө спорт...
Белгилүү мушкер Самат Абдырахманов оор салмактагы UFC'нин азыркы чемпиону Жон Жонско улуттук кийимдерди тартуу кылды. Видео менен мушкер өзүнүн Инстаграм...
Франциянын “Пари Сен-Жермен” (ПСЖ) клубу тарыхта биринчи жолу УЕФАнын Чемпиондор лигасын жеңип алды. Финалдык беттеште “ПСЖ” Италиянын “Интер” командасын 5:0...
Ана жашоо