- Рауза атындагы медресенин тиешелүү уруксат кагаздары жок болгондуктан, ал медресени жабуу боюнча тиешелүү мекемелерге сунуштар жиберилди. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышты 13 жаштагы 3 өспүрүм жана 12 жаштагы 1 өспүрүм тарабынан жасалгандыгы аныкталып, алардын кыймыл-аракеттеринде Кылмыш-Жаза кодексинин 130-беренесинде каралган кылмыштын курамы бар экендиги такталган. Бирок окуя болгон учурда жогорудагы балдардын жаш курагы 13 жашта экендиги, ал эми Кылмыш-Жаза кодексинин 28-беренесинин 2-бөлүмүндө кылмыш жасаганга чейин жашы 14кө толгон бала ушул Кодекске ылайык кылмыш жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш деп көрсөтүлгөн.
29-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 29-июлда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде,...