Бул факты боюнча Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында «Опузалап талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. 16-февралда жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде акчанын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен опузалап жаткан жарандар кармалган. Кармалган шектүүлөрдөн мурда белгиленген 25 миң сом акча каражаты табылып алынган. Алар мурда оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Нарын облусунда 1991-жылы туулган жана Жалал-Абад облусунда 1993-жылы туулган тургундар экендиги аныкталды. Учурда аталган кылмыш иш боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Ысык-Көлдө бир түндө 14 мас айдоочу кармалды
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Айбек Жумагулов Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өздүк курамга кечки нускама...