Бул факты боюнча Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында «Опузалап талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. 16-февралда жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде акчанын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен опузалап жаткан жарандар кармалган. Кармалган шектүүлөрдөн мурда белгиленген 25 миң сом акча каражаты табылып алынган. Алар мурда оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Нарын облусунда 1991-жылы туулган жана Жалал-Абад облусунда 1993-жылы туулган тургундар экендиги аныкталды. Учурда аталган кылмыш иш боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Токтогулда «капитан» кармалды. Ал мал уурдоого шектелүүдө
25-апрелден 3-майга чейинки аралыкта Токтогул районунун аймагында 5 факты мал уурулук учурлары орун алып, ал боюнча топтолгон материалдар катталып, тергөө...