Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.
Жолугушууда соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери көтөрүлүп, Жогорку Кеңештин төрагасы аталган багыттагы алаканын деңгээли канаттандырарлык эмес экендигин кошумчалады. “Буга байланыштуу кыргыз-америка бизнес форумун уюштуруу менен инвестиция тартуу жаатында тыгыз кызматташуубуз кажет” деген Нурланбек Шакиев Американын компанияларын Кыргызстандын инвестициялык, экспорттук жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып кетүүгө чакырды. Төрага Америкага виза алуу шарттарын жеңилдетүү менен анын колдонуу мөөнөтүн узартуу сунушун да берди.
Өз кезегинде Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында эки өлкөнүн алакасын арттырууга басым жасарын айтып, анын ичинен экономика, айлана-чөйрөнү коргоо жана билим берүү жаатында иш алып барарын билдирди. Мындан сырткары, креативдүү, санариптик жана жашыл экономика багыттары да артыкчылыкка ээ экенин кошумчалаган элчи: “Бул жолугушууда айтылган бардык сунуштар да каралат”, – деди. Айрыкча виза маселесине кеңири токтолгон Лесли Вигери жакында эле виза алууга кетүүчү убакытты 2 жылдан 60 күнгө кыскартуу чечими кабыл алынганын маалымдады.