Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков Бишкекте 4 күн бою жеке концертин берди. Анын ар бир күнү Кыргыз улуттук опера жана балет театрында бош орун калбай, жандуу, шаңдуу, шоу менен коштолуп жатты.
Кечээ, 9-март күнкү концертинде Мирбек Атабеков эл алдында жубайы Мээрим Төлепбергенге сүйүүсүн арнап, күйөрмандарын кубантты. «Кечээ күнү жубайым залдын сол жагында отурган, ага сүйүүмдү бетине айткам. Азыр жок кезде да айтып коёюн, мен жубайымда абдан сүйөм, жакшы көрөм» деди», — ырчы мырза.
Мирбек Атабековдун концертине билеттер кымбат экендигине карабай бат сатылып, каалоочулар көп болгондуктан, дагы бир күнгө, 11-мартка узартылды. Буга чейин Мээрим Төлепберген сахнада отурганда да сүйүүсүн билдирип, ыр арнаган.
Ырчы Клара Алибекова уулу Байэлдин туулган күнүндө унаа белек кылды. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасында жазды. "Чынында апамдан мындай белекти...
Мирбек Атабеков менен Мээрим Төлөпберген бирге видео тартышты. Мээрим Төлөпберген видеону өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөп, катталуучуларын мурдагы жолдошунун концертине...
Эмгек сиңирген артист, обончу, аткаруучу Айбек Карымов үйлөндү. Бул тууралуу ырчы өзүнүн концертинде элге билдирди. Ырчы жубайын элге тааныштырып, жүгүнттү....