Текшерүүдө жолдорду жамоо иштеринен чыккан таштандылар өз убагында алынбай жаткандыгы боюнча эскертүүлөр берилди. Ош шаарынын мэринин протоколдук тапшырмаларын белгиленген мөөнөттө аткаруу талабы коюлду. Марс Исаев шаардыктардын жүрүп жаткан жол иштерине нааразычылыгын баса белгилеп, жолдорду жамоо иштерин жана жол сызыктарын, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү (зебра) тез арада бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди.
Депутат Сулаймановдун Ошко иш сапары: Көйгөйлөрдү жеке көзөмөлүнө аларын айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулайманов Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын активисттери жана жергиликтүү тургундары менен...