Текшерүүдө жолдорду жамоо иштеринен чыккан таштандылар өз убагында алынбай жаткандыгы боюнча эскертүүлөр берилди. Ош шаарынын мэринин протоколдук тапшырмаларын белгиленген мөөнөттө аткаруу талабы коюлду. Марс Исаев шаардыктардын жүрүп жаткан жол иштерине нааразычылыгын баса белгилеп, жолдорду жамоо иштерин жана жол сызыктарын, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү (зебра) тез арада бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди.
Шашылыш билдирүү: өлкөнүн айрым аймактарында үшүк жүрөт
ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 15-17-октябрь күндөрү туруксуз аба-ырайы сакталат: 15-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы...