Тарыхый жерлерди мамлекеттин карамагына өткөрүү маселеси көтөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети Чүй облусунун аймагындагы тарыхый жайлардан кабар алды. Алгач тармактык комитеттин мүчөлөрү Чүй өрөөнүндө жайгашкан байыркы Улуу Жибек жолундагы Невакет, Суяб Ак-Бешим, Баласагун-Бурана калдыктары турган чалдыбарга барышты. Депутаттар Суяб — Ак-Бешим чалдыбарында тарыхый изилдөө иштери жүрүп жатканына күбө болушту. Адистердин айтымында, казуу ишинде чыккан буюмдар XI-XII кылымдарга туура келет. Ал эми бардык табылган буюмдар музейге тапшырылат. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аталган тарыхый жерлер жеке менчикке өтүп кеткендиктен талаш жаратып жатканын кошумчалашты. Мындан улам тарыхый жерлерди мамлекеттин карамагына өткөрүү маселеси көтөрүлдү. Ал эми Баласагун — Бурана чалдыбарына барганда Бурана мунарасын коргондоо өтүнүчү айтылып, муну менен катар музей куруу зарылчылыгы белгиленди. Айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен көтөрүлгөн көйгөйлөрдү комитеттин жыйынында кароо чечими кабыл алынды.
Балыкчы шаарынын мэри Султан Кермалиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынан билдиришти. "Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон...
Ош шаарындагы Озгур айылынан агып өткөн Увам каналына түшүп кеткен 21 жаштагы адамды издөөнүн натыйжасында кечээ, 13-июлда куткаруучулар тарабынан сөөгү...
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери менен таанышты. Бүгүнкү күндө Айтматов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейинки...
Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылындагы "Улан" пансионатында саркынды суулар көлгө куюлуп жатат деген видеого Жаратылыш ресурстары министрлигинин Экологиялык техникалык көзөмөл кызмтанын...