Тарыхый жерлерди мамлекеттин карамагына өткөрүү маселеси көтөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети Чүй облусунун аймагындагы тарыхый жайлардан кабар алды. Алгач тармактык комитеттин мүчөлөрү Чүй өрөөнүндө жайгашкан байыркы Улуу Жибек жолундагы Невакет, Суяб Ак-Бешим, Баласагун-Бурана калдыктары турган чалдыбарга барышты. Депутаттар Суяб — Ак-Бешим чалдыбарында тарыхый изилдөө иштери жүрүп жатканына күбө болушту. Адистердин айтымында, казуу ишинде чыккан буюмдар XI-XII кылымдарга туура келет. Ал эми бардык табылган буюмдар музейге тапшырылат. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аталган тарыхый жерлер жеке менчикке өтүп кеткендиктен талаш жаратып жатканын кошумчалашты. Мындан улам тарыхый жерлерди мамлекеттин карамагына өткөрүү маселеси көтөрүлдү. Ал эми Баласагун — Бурана чалдыбарына барганда Бурана мунарасын коргондоо өтүнүчү айтылып, муну менен катар музей куруу зарылчылыгы белгиленди. Айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен көтөрүлгөн көйгөйлөрдү комитеттин жыйынында кароо чечими кабыл алынды.
Климаттын өзгөрүшү — бүгүнкү күндүн эң олуттуу глобалдык көйгөйлөрүнүн бири. Анын кесепеттери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө байкалууда. Казылып алынуучу отундарды колдонуу...
Президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы учурдагы деңгээлден 100 пайызга...
Бишкек-Ош автожолуна түшкɵн кар кɵчкү саат 11:30да толугу менен тазаланып, эки тараптуу каттам камсыздалды. Учурда Арал постунан киргизилген оор жүк...
Бүгүн, 11-мартта таңкы саат 6:50дɵ Бишкек-Ош авто жолунун 224-чакырымында Ала-Бел ашуусунда кар кɵчкү түштү. Бардык авто унаалар үчүн каттам убактылуу...
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылдын Орозо айт майрамы 20-март күнүнө дал келерин маалымдайт. Бул чечим ТМУга мүчө-өлкөлөрүнүн муфтияттарынын алдындагы фатва...