Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Бекзат Алмаз уулу Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 57 килограмм салмак даражасында алтын медалга медалга ээ болду.
Спортчу 1/8 финалда түркмөнстандык Атажан Медетдурдиевди 10:0, 1/4 финалда монголиялык Мункх Эрдене Батхуягды 11:1 эсебинде жеңди. Жарым финалда индиялык Шубан Шубанды 15:5 эсебинде жеңип финалга жолдомо алды. Ал эми, финалдык беттеште казакстандык балбанды 8:0 эсебинде жеңип, эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы (U23) Азия чемпиону болду.
23 жашка чейинкилер жана 17 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионаты (U-17, U-23) «Бишкек-Арена» муз аянтчасында 10-июнда башталган жана 18-июнда жыйынтыкталат.
Бүгүн, 4-августта Сингапурда өткөн сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатына катышкан Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөлөрү Денис Петрашов жана Айымкыз Айдаралиева...
Жоламан Шаршенбеков Польшада өткөн грек-рим күрөшү боюнча “Pytlasinski” эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду. Ал кечээ, 31-июлда 63 килограмм салмак категориясында күч...
Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Сингапурда өткөн чемпиондукта коло медалдын ээси болду. Спортчу 100 метрлик брасс стилинде жарышта марага 58,88 секундда...
Көк бөрү боюнча президенттин кубогу өтөт. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев билдирди. "Кудай буюрса, быйылкы жылы биздин...