УКМК тарабынан акча каражатын опузалап талап кылуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында «Ф.В.Г.» аттуу Германиянын жараны – 10 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.
Буга чейин аталган «Ф.В.Г.», материалдык пайда алуу максатында, коркутуу жолу менен шантаж жана укук коргоо, сот органдарына кайрылаарын эскертип – чет элдик инвестордон, азыркы учурда Кыргыз жараны «Н.М.И.»ден өзгөчө ири суммадагы накталай акчаны, тактап айтканда 6 миллион 200 миң АКШ долларын же Чүй облусунун Токмок шаарында жайгашкан мүлктөрүн өткөрүп берүүнү талап кылган. Инвестордун чет өлкөлүк жарандын алдындагы финансылык милдеттенмелерин толук төлөп бергенине карабастан «башка бирөөнүн мүлкүн өткөрүп берүү боюнча мыйзамсыз талаптар» токтогон эмес. Учурда аталган кылмыштын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.
УКМК өлкөнүн мыйзамдарын бузууга жол берилбестигин эскертет. Эгерде кылмыштуу аракеттердин фактылары аныкталса, кылмыштуулукка, анын ичинде жазык-укуктук кылмыштарга карата бөгөт коюу боюнча катаал чаралар көрүлөт.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызмат адамдарынын акча каражаттарын талап кылуу жана...
16-апрелде УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук РИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн...
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу жарандан анын кармалышына катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери...
Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө УКМК Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады....
Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө салык органдарынын кызмат адамдары «Б» ЖЧКга карата салыктык текшерүү жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузгандыгы аныкталды....