Казакстандын Караганда шаарында катуу шамал балдар аянтчасынын каптамасын балдар менен кошо учуруп кетти. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Балдар аянтчасында кырсык катталган учурда үч бала ойноп жаткан. Катуу шамал аянтчанын каптамасын балдар менен кошо абага көтөргөн. Кырсыктын кесепетинен эки бала ооруканага түшкөн, анын ичинен 2015-жылы туулган бири реанимацияда.
Жергиликтүү бийликтин өкүлү балдар ойноп жаткан аянтча колдонууга бериле электигин билдирди. Ал ошондой эле аба ырайы бузулган учурда балдарды сыртка чыгарбоону өтүндү. Бул аралыкта аталган шаарда бардык аттракциондордун иши токтотулду.
Казакстанда көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынын терезесинен балдарын түртүп, кийин өзү секирген келиндин 1,5 жаштагы баласына операция жасалып, бир бөйрөгү алынды....
30-июлда кечинде Сауд Арабиянын Таиф шаарындагы Green Mountain Park көңүл ачуучу жайында аттракцион сынып кеткен. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык,...
Алматынын Медеу районунда жумушчулардын куурап калган газондогу чөптү жашыл түскө боёп жатканын байкашкан. Март айында Krisp_almaty коомчулугу чөптү эле эмес,...