АКШнын Нью-Йорк шаарында 29-сентябрда эки айлык жаандын нормасы жаап, калаа бийлиги өзгөчө кырдаал режимин жарыялады. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.
Бир канча саатка төккөн жамгыр шаардын бардык райондорундагы көчөлөрүн каптаган. Жаандан улам көп жолдор тосулуп, метро жана поезддин айрым каттамдары токтотулган, ошондой эле Ла-Гуардия аэропорту бир канча саатка ишин токтоткон. Чукул жардам көрсөтүүчү кызматтар суу каптаган жер төлөдөгү жана унаасында калып калган адамдарды куткарууга туура келген. Жабыркагандар жана каза болгондор тууралуу маалымат азырынча белгисиз.
Мындай катуу жаандын бир канча ондогон жылдардан бери алгачкы ирет катталгандыгы маалымдалууда. Нью-Йорк, Лонг-Айленд, Нью-Жерси штатындагы Хобокен шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Казакстанда көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынын терезесинен балдарын түртүп, кийин өзү секирген келиндин 1,5 жаштагы баласына операция жасалып, бир бөйрөгү алынды....
30-июлда кечинде Сауд Арабиянын Таиф шаарындагы Green Mountain Park көңүл ачуучу жайында аттракцион сынып кеткен. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык,...
Алматынын Медеу районунда жумушчулардын куурап калган газондогу чөптү жашыл түскө боёп жатканын байкашкан. Март айында Krisp_almaty коомчулугу чөптү эле эмес,...