Шаршемби, 15.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Жаңы окуу жылы күндөлүксүз жана журналсыз башталат

15:48 05.08.2025
0
Жаңы окуу жылы күндөлүксүз жана журналсыз башталат
Кыргызстандагы мектептерде 2025/2026-окуу жылынан тартып мугалимдер мурдагыдай кызыл журналдарды жана окуучулардын кагаз күндөлүктөрүн колдонушпайт. Бул тууралуу Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева республиканын мектеп директорлорунун орун басарлары үчүн уюштурулган Педагогикалык форумда билдирди.

Анын айтымында, мындай өзгөрүү билим берүү тармагында санариптештирүүнүн жигердүү жүрүшүнүн жыйынтыгы болду. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча окуучулардын 90%дан ашык маалыматтары санарип форматка өткөрүлдү. Демографиялык маалыматтардан тартып, үй-бүлөлүк абалы, сабакка катышуусу жана жетишкендиги да электрондук базага киргизилди. Бул маалыматтар учурда ири анализдердин негизине айланып, чечим кабыл алууда маанилүү ролду ойноодо.

«Эми билим берүү процессинин бардык этабы — баа коюу, ата-эне менен байланыш, үй тапшырмаларды берүү — баары электрондук форматта жүргүзүлөт. Мугалимдер, директорлор, ата-энелер “Күндөлүк” жана башка санарип платформалар аркылуу иштешет. Бул жөн эле кагаз форматты алмаштыруу эмес, бул — билим берүүнү башкаруунун жаңы баскычы», — деди Лира Самыкбаева.

«Күндөлүк» тиркемеси аркылуу ата-энелер балдарынын бааларын, сабактардын жүгүртмөсүн, үй тапшырмаларын жана окуу китептерин көрө алышат. Ал эми мугалимдер темаларды белгилеп, бааларды коюп, балдардын сабакка катышуусуна көз салат. Мектеп администрациясы ошол маалыматтардын негизинде чечим чыгарат. Мындан тышкары, бул жылы электрондук күндөлүккө мектеп инфраструктурасын камтыган модуль кошулду. Анын жардамы менен ар бир мектеп имараттын, эмеректин, жабдуулардын абалы тууралуу маалымат киргизип жатат. Бул келечекте жабдууларды, эмеректерди сатып алуу же жаңы мектептерди курууну туура пландап чыгууга көмөктөшөт. Анткени система аркылуу кайсы мектеп ашыкча жүктөм менен иштеп жатканы дароо көрүнөт.

Ошондой эле, жеке маалыматтарды коргоо маселеси өзгөчө көңүл борборунда. Министрлик көп деңгээлдүү коопсуздук тутумун иштеп чыгып, жеткиликтүүлүк укуктарын так бөлүштүрдү. Ар бир адам өз ишине байланышкан гана маалыматты көрө алат. Мисалы, предметтик мугалим өз классынын маалыматтарын гана көрөт, класс жетекчи – өз классындагы бардык предметтерди, директор – мектептеги жалпы маалыматтарды, райондук билим берүү бөлүмү – өз району боюнча, ал эми министрлик — республика боюнча. Ким, качан, кандай маалыматты алганы системада катталып турат. Андыктан, кандайдыр бир маалыматтын сыртка чыгып кетүүсүн алдын алууга болот.

«Директорлор өз кызматкерлеринин, ал эми райондук билим берүү бөлүмдөрү директорлордун жеткиликтүүлүгүн көзөмөлдөп турушат», — деп түшүндүрдү министрдин орун басары. «Жаңылыктын жарчысы» педагогикалык форуму Билим берүү министрлиги тарабынан уюштурулган, жаңы окуу жылына карата мугалимдерди жана мектеп администрацияларын даярдоого багытталган иш-чаралардын уландысы. Анын башкы максаты — өлкөнүн бардык аймактарында заманбап, санарипке негизделген билим берүү моделине өтүүнү камсыз кылуу.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Апрелде кене чаккан учурлар көбөйдү — 41 адам кайрылды

Апрелде кене чаккан учурлар көбөйдү — 41 адам кайрылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:52 14.04.2026
0

1-апрелден 13-апрелге чейин кене чаккандан кийин жугуштуу оорулар ооруканасына 41 адам кайрылды, алардын ичинен 21и бала. Бир бала ооруканага жаткырылды,...

Акбалык Жумалиева Боршайкомдун төрагасынын орун басары болуп шайланды

Акбалык Жумалиева Боршайкомдун төрагасынын орун басары болуп шайланды

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:00 14.04.2026
0

Бүгүн, 14-апрелде Конуров Бахадыр Арунович башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары кызматын...

Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондорду сел жүрүшү мүмкүн

Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондорду сел жүрүшү мүмкүн

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:54 14.04.2026
0

Эртең, 15-апрелдин экинчи жарымында жана 16-17-апрель күндөрүнө чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана...

Бишкек шаарынын мэри Миңжылкыев көчөсүнүн улантылышы боюнча интервью берди

Бишкек шаарынын мэри Миңжылкыев көчөсүнүн улантылышы боюнча интервью берди

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:38 14.04.2026
0

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Миңжылкыев көчөсүнүн улантылышы боюнча интервью берди.

Белгиленбеген жерден жолдун каршы тилкесине чыгуу — 15 миң сом. Айып пулга жеңилдик да берилбейт

Белгиленбеген жерден жолдун каршы тилкесине чыгуу — 15 миң сом. Айып пулга жеңилдик да берилбейт

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:15 10.04.2026
1

Жолдогу бир секундалык ката, көптөгөн кайгылуу окуяларга алып келиши мүмкүн. Белгиленбеген жерден каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени түз келе...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Апрелде кене чаккан учурлар көбөйдү — 41 адам кайрылды

Апрелде кене чаккан учурлар көбөйдү — 41 адам кайрылды

16:52 14.04.2026
Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондорду сел жүрүшү мүмкүн

Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондорду сел жүрүшү мүмкүн

13:54 14.04.2026
Садыр Жапаров “Кара-Мык” чек ара заставасына барды

Садыр Жапаров “Кара-Мык” чек ара заставасына барды

09:43 14.04.2026
Апрелде кене чаккан учурлар көбөйдү — 41 адам кайрылды

Апрелде кене чаккан учурлар көбөйдү — 41 адам кайрылды

16:52 14.04.2026
Акбалык Жумалиева Боршайкомдун төрагасынын орун басары болуп шайланды

Акбалык Жумалиева Боршайкомдун төрагасынын орун басары болуп шайланды

16:00 14.04.2026
БШК № 19 шайлоо округу боюнча Улан Сариевди Жогорку Кеӊештин шайланган депутаты деп тааныды

БШК № 19 шайлоо округу боюнча Улан Сариевди Жогорку Кеӊештин шайланган депутаты деп тааныды

15:37 14.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү