Бүгүн, 21-ноябрь күнү саат 17:27де куткаруучулар Бишкектеги №5 мектептин 4-кабатынан секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткан жаранды куткарып калышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жерине саат 17:09да ӨКМдин 10 куткаруучусу тартылган. Куткаруучулар мектептин психологу менен биргеликте сүйлөшүүгө аракет жасап жаткан учурда, экинчи топтогу куткаруучулар мектептин чатырынан атайын альпинисттик шаймандар менен түшүп, жарандын өмүрүн сактап калышкан.
Өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаран 1987-жылы туулган эркек киши. Такталган маалымат боюнча ал мектептин кызматкери эмес. Учурда аны куткаруучулар Ички иштер министрилигинин кызматкерлерине өткөрүп берип, тиешелүү иш-чаралар жүрүүдө.
Кечээ, 7-июнда ИИМ жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери издөө иштеринин жүрүшүндө дайынсыз жоголгон Бермет Тагаеванын сөөгүн табышты. Бул тууралуу Свердлов...
Ош шаарындагы Лениндин эстелиги башка жерге жылдырылат. Анын ордуна Бишкектегидей желек сап орнотулат. Бул тууралуу Ош мэриясынан маалымдашты. "Мисалы Орусиянын...
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 09:33тө Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган....
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы мото-скутер айдоочулары жана алардын ата-энелерине кайрылды. "Акыркы мезгилде мото айдап, жол кырсыгына кабылып, оор жаракат алган,...
Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгеси менен Бишкек шаарынын тажрыйбалуу дарыгерлери Ош облусун кыдырып, жергиликтүү калкты бекер медициналык кароодон өткөрүштү. Онкологиялык оорулардын...