«Кулиев көчөсүн билбеген адам калбады». УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дагы бир «притон» жабылганын айтты.
«Эки күн эле болду… Айтылган тапшырманы аткарбагандын негизинде чаралар колдонула башталды. Бишкектин Биринчи Май районунда Кулиев көчөсүн билесиздер, ал жердеги «притондорду» 30 жылдан бери билбеген адам калбады. Канча аракет кылышса да, ошолорду жок кыла алышпады. Бирок биз жок кылдык. Кечээ жакында ошол Кулиевдеги дагы бир «притонду» алып чыгышты. Ошону текшербегени үчүн милициянын начальниги иштен алынып, ондогон милиция кызматкерлери жана биздин кызматкерлер да жазаларын тартышты. Аким жана мэриянын бир нече кызматкерлери жумуштан алынды», — деди ал.
7-июль күнү социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда, “Тапсан сеники” Инстаграм баракчасынын активдүү колдонуучусу, жарандар шаар ичинде катылган баалуу буюмдарды издеп...
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Ош көчөсүндө жайгашкан №24 Фрунзе мектебинин соода түйүндөрдөн бошотулган аймагын бөлүп берүү жана айланасын тосмо...
Президент Садыр Жапаров кечээ, 10-июлда Бишкек шаарындагы Калый Молдобасанов көчөсүндө Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган жаңы турак жай комплексиндеги батирлердин...
Аймактарда чөптүн сезону кызуу жүрүп жатса керек, таңгакка эчкемер да кошулуп кеткен. Соцтармакта сүрөт Шамалды-Сайда тартылганын жазышууда. Жаныбардын аман калган-калбаганы...