Борбор калаада советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 35 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Курман болгондорду эскерүүгө Ооган ардагерлери, интернационалист жоокерлердин туугандары, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин Аскердик атташеси, полковник Игорь Довбня, Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин жетекчиси Кожобек Рыспаев, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев жана башкалар катышты.
Иш-чараны Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев ачты. Курман болгондорду эскерүү бир мүнөт унчукпай туруу жарыяланып, үч жолу залп менен ок атылды. Митинг-реквием сейил бактагы эстеликке гүл коюу менен аяктады.
Ельцин атындагы кыргыз-орус Славян университетине студенттерди бюджеттик окууга мыйзамсыз кабыл алуу аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Тактап айтканда, университетке 2024-2025-окуу...
Баткен районунда 2 миң жыл мурда коюлган сөөктөр табылды. Бул тууралуу Баткен мамлекеттик университетинен билдиришти. "Баткен районунун Кызыл-Кошун-1 көрүстөнүндө мындан...
Бүгүн, 15-июлда Бишкекте Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдырахмановду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Ал 1948-жылы 19-декабрда Жалал-Абад облусунун Акман...
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев ачык асман алдында көчмө жыйын өткөрүп, анда "Ош" базарынын жетекчисине, автобекеттин башчысына кайрылып, алардан жан...