Борбор калаада советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 35 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Курман болгондорду эскерүүгө Ооган ардагерлери, интернационалист жоокерлердин туугандары, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин Аскердик атташеси, полковник Игорь Довбня, Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин жетекчиси Кожобек Рыспаев, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев жана башкалар катышты.
Иш-чараны Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев ачты. Курман болгондорду эскерүү бир мүнөт унчукпай туруу жарыяланып, үч жолу залп менен ок атылды. Митинг-реквием сейил бактагы эстеликке гүл коюу менен аяктады.
Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов калаанын Каныбек Ташиев 3а дарегинде жайгашкан эки кабаттуу (жатакана тибинде) турак үйдүн жашоочуларынын көйгөйлөрү менен...
«Ишеним» депутаттык тобунун жетекчиси Нурбек Сыдагылиев, депутаттар Кубанычбек Самаков жана Гүлшаркан Култаеванын катышуусунда «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө»...
20-апрелден 25-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын өзгөрүшүнө байланыштуу Чүй облусунун тоолуу аймактарында кар жаап, жолдор тайгак...
Бишкек мэриясы кечээ, 22-апрелде кечинде Мустафа Кемал Ататүрк сейил багында «Бермет» кафесинин жанында асфальт төшөө иштери жүргүзүлгөнүн белгилейт. Жашылдандыруу эрежелеринин...
Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин...