Шейшемби, 08.07.2025
Бишкек booked.net
+21...+32° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

«Шакиевдин пикири анын өзүнүн жеке ою». Садыр Жапаров кыргыз тили боюнча үн катты

10:14 12.04.2024
0
«Шакиевдин пикири анын өзүнүн жеке ою». Садыр Жапаров кыргыз тили боюнча үн катты

Жогорку Кеңештин 11-апрелдеги жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутаттарды кыргызча сөздөрдү колдонууга чакырып, буга бир катар мисалдарды келтирди. Шаарларда гана эмес, алыскы айылдарда да наристелер орус тилдеги мультфильмдерди көрө берип орусча сүйлөп калып жатканын айткан төрага «бүгүн биз тилибизди сактап калбасак, 5-10 жылдан кийин кыргыз тилин толугу менен жоготуп алабыз» деп чочулады. Чын эле эне тилибиз жоголуп кетүү коркунучундабы? «Кабар» агенттиги бул боюнча президент Садыр Жапаровдун пикирин укту.

«Албетте, кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча сунуштарын баарыбыз эле колдойбуз. Эч ким каршы эмес. Бирок орус, англис тили боюнча Нурлан Шакиевдин пикири анын өзүнүн жеке ою. Мамлекеттик саясат таптакыр башка. Орус, англис тилдери дүйнөлүк тилдер. БУУда канча тил болсо орус, англис тилдери алардын ичинде.

КМШ өлкөлөрүндө орус тилсиз иштөө мүмкүн эмес. КМШ өлкөлөрү эле эмес, Европанын айрым өлкөлөрүнө, АКШга жана башка бир топ өлкөлөргө расмий сапарлар менен барганда котормо орус тилинде болот.

Өздөрү айтышат «Биз орус тилчи котормочу аркылуу сүйлөшөбүз» деп. Мен акыркы 3 жылда көп эле жолу көрдүм. Ал эми англис тили болсо дүйнө жүзүндө колдонулат. Мен дайыма билим берүү министрине “Мектептерге мүмкүн болсо эки тилде сабак берген мугалимдер болсо издегиле” деп айтып жүрөм. Ошондо штаттар да көбөйбөй бир эле эжеке эки тил боюнча сабак берсе жакшы болот эле. Орус жана англис тилдеринде. Айрыкча айыл жерлеринде орус тил мугалимдерине муктажбыз. Балдарыбыздын жаш кезинен эле орусча сүйлөгөнүн уккан жокмун. Тескерисинче, мектепти бүтүп орусча бир сөз билбей түз эле Орусияга кетип калып жаткан учурлар бар. Ал жакка барып орус тилинен кыйналып жатышат. Ошондуктан мен жеке өзүм демилге көтөрүп, бизге 9 орус мектебин салып бергиле деп Владимир Владимировичтен сурангам. Жакында курулуш иштери башталат деп турам.

Англис мектебин салам дегендер болсо да биздин эшигибиз ачык. Кана эле биздин жаштарыбыз үч эмес беш тилде эркин сүйлөп калышса. Элибиз канчалык көп тил билсе ошончолук дүйнө таанымы кең болот. Көп элдердин каада салтын, менталитетин билет. Илим билимин үйрөнүшөт. Дүйнөнү кенен көз караш менен карашыбыз керек. Ошондуктан кыргыз тилибиз эч качан өлбөйт. Түбөлүк жашайт. Өнүгөт. Кудайга шүгүр дешибиз керек. Кантип эле тилибиз 90-жылдардагыдай абалда калды дейбиз.

90-жылдары айылдарыбызда кыргызча сүйлөй албагандар бар болчу. Азыр тескерисинче айылдарда басымдуу көпчүлүгү орусча сүйлөй албай калбадыбы. Себеби айылдарда орус тил сабагынан берген орус мугалимдер жетишсиз болуп атат. Орус, англис тилсиз Кыргызстандан ары чыга албай калат жаштарыбыз.

Ошондуктан эч качан башка тилдерге каршы болбошубуз керек. Албетте кыргыз тилге да катуу көңүл бурабыз. Илгери жоголуп кетпеген кыргыз тилибиз эми жоголуп кетмек беле?

Ал эми арабча ат коюлуп атат дегени ар кимдин өзүнүн иши. Эң негизгиси жүрөгү, каны кыргызмын деп соксо болду. Мисалы Мухаммед деген аттар бизде деле бар. Негизи көп эле аттар окшош келет», — деп айтылат маалыматта.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Президент Садыр Жапаров Чолпон-Атада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Чолпон-Атада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:07 29.06.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-июнда Чолпон-Ата шаарында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды. Тараптар эки тараптуу жана көп...

Министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстанга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстанга барды

Автор Эдита Ильясова
17:41 04.06.2025
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстандын Душанбе шаарына жумуш сапары менен барды. Төраганын учагы Душанбе эл аралык аэропортуна конду. Аны...

Жапаров: «Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай Бакиевге карыз эмесмин»

Жапаров: «Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай Бакиевге карыз эмесмин»

Автор Эдита Ильясова
10:11 04.06.2025
1

3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясына карата, айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү коомчулукта түрдүү пикирлерди...

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камакка алынабы? Президенттин жообу

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камакка алынабы? Президенттин жообу

Автор Эдита Ильясова
10:00 04.06.2025
0

Өлкө башчысы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек берип, "Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камакка алынабы? Же сот чечими өзгөрүшү мүмкүнбү?" деген...

Жапаров: «Мурдагы президенттерди Дубайга чогулткандан кийин абал тынчыды»

Жапаров: «Мурдагы президенттерди Дубайга чогулткандан кийин абал тынчыды»

Автор Эдита Ильясова
09:53 04.06.2025
0

3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясына карата, айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү коомчулукта түрдүү пикирлерди...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
«Чүйдө жол кырсык катталып, скутер айдоочунун колу-буту жулунуп кетти» деген видео тарады

"Чүйдө жол кырсык катталып, скутер айдоочунун колу-буту жулунуп кетти" деген видео тарады

11:55 08.07.2025
«Лента тагып койгула». Камчыбек Ташиев Ош шаарынын мэрине унаа белек кылмай болду

"Лента тагып койгула". Камчыбек Ташиев Ош шаарынын мэрине унаа белек кылмай болду

16:11 08.07.2025
Ош шаарында кыз менен жигит дарыяга агып каза болушту

Ош шаарында кыз менен жигит дарыяга агып каза болушту

13:57 08.07.2025
9-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

9-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17:51 08.07.2025
Түптөгү айылдарда сел жүрдү (видео)

Түптөгү айылдарда сел жүрдү (видео)

17:29 08.07.2025
«Иштеп жаткан кишиге жардам бериш керек». Ташиев Оштун мэрин мактады

"Иштеп жаткан кишиге жардам бериш керек". Ташиев Оштун мэрин мактады

16:47 08.07.2025

АРХИВ

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
« Июн    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү