Бейшемби, 05.06.2025
Бишкек booked.net
+17...+35° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Шакиев Венада Австрия, Чехия жана Словакияда жашаган мекендештер менен жолугушту

10:46 17.05.2024
0
Шакиев Венада Австрия, Чехия жана Словакияда жашаган мекендештер менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Австриядагы расмий сапарынын алкагында аталган өлкөдө, ошондой эле ага коңшулаш Чехия, Словакия мамлекеттеринде иштеп жана окуп жаткан кыргызстандыктар менен жолугушту.

“Австрия баштаган Европанын өлкөлөрүндөгү алдыңкы окуу жайларында билим алып, ири компанияларда иштеп жаткан мекендештерибиз арбын экени өтө кубандырды. Бирок Кыргызстан силерди дайым күтөт. Бул жактан алган билимиңерди жана топтогон тажрыйбаңарды мамлекетибиздин өнүгүшү үчүн жумшап, ири реформаларды ишке ашырууга салымыңарды кошосуңар деген ишеничтемин”, — деди Нурланбек Шакиев. Муну менен катар Кыргызстанда жасалып жаткан иштерге, жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолгон төрага: “Биздин башкы максатыбыз калктын социалдык абалын жакшыртуу, экономиканы көтөрүү жана бакубат мамлекетти куруу. Ошондой эле жалпы республика боюнча жумуш орундарын түзүү менен чет жерде эмгектенип жаткан жарандарыбызды мекенибизге кайтаруу”, — деди.

Андан тышкары, көпчүлүк эмгек мигранттарынын негизги планы турак-жай алуу экенин белгилеген Нурланбек Шакиев акыркы жылдары жеңилдетилген баада ипотекалык үйлөрдү курууга өзгөчө көңүл бурулуп, жыл аягына чейин 5 миңдей батирди ээлерине тапшыруу максатталып жатканын маалымдады. “Жеңилдетилген баада турак-жайларды куруу аймактарда да улантылып, район жана облус борборлорунда да жаңы үйлөрдүн пайдубалдары түптөлүүдө. Жакынкы жылдары турак-жайга болгон муктаждыкты кескин азайтып, эмгек мигранттарыбыздын да үйлүү болуусуна мүмкүнчүлүк түзөбүз”, — деди ал.

Жолугушуу суроо-жооп иретинде уланып, чет жерде жашаган мекендештердин балдарына кыргыз тилин үйрөтүү маселесине байланышкан көйгөйлөр көтөрүлдү. Төрага аталган маселе боюнча да алгылыктуу аракеттер көрүлүп жатканын айтып, кыргыз тилин үйрөтүү боюнча заманбап усулдарды иштеп чыгуу тууралуу адистерге тапшырма бергенин билдирди. Муну менен катар чет жердеги жашаган мекендештердин балдарына керектүү кыргыз тилиндеги китептерди алып берүү боюнча да тийиштүү иштерди алып барууга даяр экендигин кошумчалады.

Австрияда көп жылдан бери жашап келе жаткан Махабат Садырбек немис улутундагылар үчүн кыргыз тилин жеңил үйрөнүүгө ылайыктап иштеп чыккан усулдук эмгегин тааныштырды. Андан тышкары, Словакияда 1500-4000дин тегерегинде кыргызстандык эмгек мигранттары бар экени айтылып, андыктан аталган өлкөгө Кыргызстандын элчилигин ачуу демилгеси көтөрүлдү. Ошондой эле ортомчу агенттиктер аркылуу чет өлкөлөргө ишке орношуу ар кандай тобокелдиктер менен коштолуп жатканы белгиленип, аларды жөнгө салуу маселеси айтылды. Төрага бул жаатта да жакында эле тиешелүү мекемелер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн маалымдап, чет жерде ишке орноштуруу маселесине байланышкан мамлекеттик механизмди иштеп чыгуу каралып жатканын билдирди.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Садыр Жапаров «Борбор Азия-Италия» саммитине катышуу үчүн Астанага барды

Садыр Жапаров «Борбор Азия-Италия» саммитине катышуу үчүн Астанага барды

Автор Айзада Тураркулова
16:35 30.05.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-майда «Борбор Азия-Италия» саммитине катышуу үчүн Астана шаарына  иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан...

Садыр Жапаров эртең Казакстанга барат

Садыр Жапаров эртең Казакстанга барат

Автор Эдита Ильясова
16:10 29.05.2025
0

Президент Садыр Жапаров 30-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен «Борбор Азия-Италия» биринчи саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Астана...

Садыр Жапаров: «Ташиевдердин үй-бүлөсү мунай базасын сатып, төрөт үйүн салып берди»

Садыр Жапаров: «Ташиевдердин үй-бүлөсү мунай базасын сатып, төрөт үйүн салып берди»

Автор Эдита Ильясова
10:35 13.05.2025
0

Сузак районундагы Чокмор айылында Эне жана баланы коргоо борбору ачылды. Иш-чарага өлкө башчысы Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев...

Садыр Жапаров жоокерлер мазакталган окуя боюнча ар тараптуу иликтөө жүргүзүүнү тапшырды

Садыр Жапаров жоокерлер мазакталган окуя боюнча ар тараптуу иликтөө жүргүзүүнү тапшырды

Автор Эдита Ильясова
11:10 12.05.2025
0

Президент Садыр Жапаров жоокерлерди мазактаган окуя боюнча тиешелүү органдар ар тараптуу жана объективдүү иликтөөнү камсыздап, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде катуу жоопко...

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге катуу сөгүш берилди

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге катуу сөгүш берилди

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:14 12.05.2025
0

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы жөнүндө” мыйзам менен кабыл алынган...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Нарындан Токмокко мал сатып алууга келген жарандын жансыз денеси табылды. Шектүү кармалды

Нарындан Токмокко мал сатып алууга келген жарандын жансыз денеси табылды. Шектүү кармалды

17:54 04.06.2025
Жапаров: «Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай Бакиевге карыз эмесмин»

Жапаров: "Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай Бакиевге карыз эмесмин"

10:11 04.06.2025
Нарындан Токмокко мал сатып алууга келген жаран дайынсыз болуп жатат

Нарындан Токмокко мал сатып алууга келген жаран дайынсыз болуп жатат

10:52 04.06.2025
Жапаров: «Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай Бакиевге карыз эмесмин»

Жапаров: "Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай Бакиевге карыз эмесмин"

1
Нарындан Токмокко мал сатып алууга келген жарандын жансыз денеси табылды. Шектүү кармалды

Нарындан Токмокко мал сатып алууга келген жарандын жансыз денеси табылды. Шектүү кармалды

17:54 04.06.2025
Министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстанга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстанга барды

17:41 04.06.2025
Чүйдө унаанын терезесинен чыгып алган жарандын видеосу тарады

Чүйдө унаанын терезесинен чыгып алган жарандын видеосу тарады

17:28 04.06.2025

АРХИВ

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
« Май    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү