Шейшемби, 15.07.2025
Бишкек booked.net
+21...+36° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

«Акыркы жолу мен өзүм жооп берип коёюн». Садыр Жапаров уулунун ысымы аталган иликтөө боюнча үн катты

12:58 01.06.2024
0
«Акыркы жолу мен өзүм жооп берип коёюн». Садыр Жапаров уулунун ысымы аталган иликтөө боюнча үн катты
Айрым ЖМКлар тарабынан курулуш иштерине байланыштуу иликтөө жарыяланды. Анда бийлик жетекчилигинин жакындары өлкөдөгү курулуш иштерине кийлигишип жаткандыгы тууралуу дооматтар айтылды. Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек берип, өлкөдө жүрүп жаткан курулуштар тууралуу кеңири айтып берди. Президент бүткүл өлкө боюнча Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу курулуштар баштала тургандыгына токтолуп, курулушка катышам деген каалоочу ар бир компанияны кызматташууга чакырды.
— Жакында OCCRP, Temirov Live жана “Клооп” медиалары биргелешкен иликтөө жарыялашты. Иликтөөдө сиздин уулуңуздун достору, президенттин иш башкаруучусунун тааныштары ири курулуш иштерине аралашканы айтылат. Башкача айтканда, “бийликке жакын компаниялар ири курулуштарды ишке ашырууда” деген дооматтар айтылды. Негизи эле, курулуш компаниялары мамлекет тарабынан каржыланган долбоорлорго кандай шартта катыша алышат? Ошол эле Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан үйлөрдү курууга даярбыз десе, аларга кандай талаптар коюлат?
— Негизи, мен өкмөттүк басылмаларга андай медиаларга жооп берип убактыңарды коротпогула деп буйрук бердим эле. Мындан кийин андай ойдон чыгарылган жалган иликтөөлөргө көңүл буруштун кереги жок. Убактыңарды пайдалуу иштерге жумшагыла деп айтып келем. Мейли эми, акыркы жолу мен өзүм жооп берип коёюн. Мындан кийин андай оозуна ээ боло албагандарга жооп бериштин да кажети жок, көңүл да бурбаш керек.

Ири курулуш иштерине ким болсо да келип катышсын, эшик ачык. Ошол эле Баткенде курулган үйлөрдү жеке компаниялар ар бирин 5 миллион 800 миң сомго курабыз деп келишкенде, бул сумма кымбат деп баш тартканбыз. “Аманат” компаниясы болсо 91 үйдү 3 миллион 300 миң сомдон куруп беришти. Башка 33 компания дагы, айласы кеткенде, ушул эле суммага макул болушту. Ошентип, Баткенге курулган 400дөн ашык үй 3 миллион 300 миңден бүтүп калды. Мамлекеттин канча деген акчасын үнөмдөп калдык.

Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга салынып жаткан үйлөрдү “Кыргызкурулуш сервис” куруп жатат. Бул компания – 100 пайыз мамлекеттик компания. Мындан сырткары, “Аманат строй” компаниясы да куруп жаткан курулуштар бар. Жалал-Абадда «Бест Хаус Гранд» (ЖЧК) компаниясы дагы бир чарчы метрин 650 доллардан «под ключ» куруп бергенге макул болушуп, куруп жатышат. Жакында Өзгөндө дагы 5 гектар жерге курулуш иштери башталат. Дагы бир курулуш компаниясынын аты эсимде жок, алар да ушундай эле шартта курууга макул болушуп, келишим түзүү алдында турат.

Башка каалоочу компаниялар келсе, МИКтин эшиги ачык. Ошол эле сындап аткан ЖМКлардын өкүлдөрү же жакындары да келсин. Аларга да курулуш ишин аткарууга объект бергенге даярбыз. Баарына шарт бирдей. Бир чарчы метрин 650 доллардан «под ключ» куруп бергенге даярбыз деген компаниялардын баарына эшик ачык. Бирок бир күрөгү жок компания келсе, албетте, кабыл алынбайт. Мурда курулуш куруп жүргөн, курулуш техникалары бар компаниялар болушу шарт. Алдыда МИК аркылуу бүткүл өлкө боюнча курулуштарды баштайбыз. Келишсин, баарына иш беребиз. Бирок бул суммага эч ким келбейт.

Мен чоң-чоң курулуш компанияларынын жетекчилерин кабыл алгам. “Келгиле, курулушка жардам бергиле” десем, “Биз бул суммага батир салбайбыз, бизге пайда түшпөй калат экен. Андан сырткары, объект бүткөнчө, курулуш материалдары кымбаттап кетсе, тескерисинче, банкрот болуп калат экенбиз” дешип, баш тартышкан. Ошондуктан жогоруда аталган компанияларды суранып салдырып жатабыз. Дагы бир жолу кайталайм суранып. Алар 650 доллардан «под ключ» салып, МИКке өткөрүп беришет, ал эми МИК үстүнө өзүнүн кошумча наркын кошуп, элге 20-25 жылга ипотекага берет.

Куруучуларга талаптар катуу. Эптеп эле бир нерсе кылып, андан үнөмдөп, мындан үнөмдөп тапшырып кетем деген максаттары болсо, ал ишке ашпайт. Курулуш башталгандан бүткөнгө чейин көзөмөлдө болот. Бүткөндөн кийин дагы комиссия түзүлүп, текшерилип өткөрүп алынат. Анан элге берилет. Панелдик үйлөрдү салууга уруксат берилбейт. Темир-бетон каркас болушу кажет. Сейсмикалык туруктуулугу биз үчүн өтө маанилүү.

Курулушка катышам деген каалоочу компаниялар болсо, келе берсин. Айрыкча ушул жалганчы сынчылардын тааныш компанияларын чакырат элем. Келип өздөрүн көрсөтүшсүн. Колдорунан иш келер бекен – көрөлү. Тили сайрагандай болуп, колдорунан бир нерсе келер бекен? Ай ким билет? Колдорунан эч нерсе келбейт. Мындайларды турмушта далай эле көрдүк го.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Садыр Жапаров «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластерин куруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Садыр Жапаров «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластерин куруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
21:17 14.07.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда Чолпон-Ата шаарында «Ала-Тоо Резорт» бардык сезондук кластерин куруу боюнча даярдык иштеринин жүрүшүнө арналган жумушчу кеңешме...

Баатырбек Жантаев Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды

Баатырбек Жантаев Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:57 14.07.2025
0

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары...

Балыкчы шаарынын мэри ээлеген кызматынан бошотулду

Балыкчы шаарынын мэри ээлеген кызматынан бошотулду

Автор Алтынай Тынышова
12:59 14.07.2025
0

Балыкчы шаарынын мэри Султан Кермалиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. "Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык,...

Президент Садыр Жапаров Чолпон-Атада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Чолпон-Атада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:07 29.06.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-июнда Чолпон-Ата шаарында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды. Тараптар эки тараптуу жана көп...

Министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстанга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстанга барды

Автор Эдита Ильясова
17:41 04.06.2025
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстандын Душанбе шаарына жумуш сапары менен барды. Төраганын учагы Душанбе эл аралык аэропортуна конду. Аны...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдырахманов акыркы сапарга узатылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдырахманов акыркы сапарга узатылды

12:06 15.07.2025
«Телактарыңды» калтырып эле койчу». Оштун мэри кол алдындагыларга жан сакчысыз жүрүүнү тапшырды

"Телактарыңды" калтырып эле койчу". Оштун мэри кол алдындагыларга жан сакчысыз жүрүүнү тапшырды

10:19 15.07.2025
Ысык-Көлдө скутер айдоочу баланы сүзүп кеткени маалымдалды

Ысык-Көлдө скутер айдоочу баланы сүзүп кеткени маалымдалды

16:47 14.07.2025
Кыргыз-орус Славян университетинен 12 студент чыгарылды

Кыргыз-орус Славян университетинен 12 студент чыгарылды

14:59 15.07.2025
Баткен районунда 2 миң жыл мурда коюлган адам сөөктөрү табылды

Баткен районунда 2 миң жыл мурда коюлган адам сөөктөрү табылды

14:40 15.07.2025
Бишкекте курулуш компаниянын жетекчиси кармалды

Бишкекте курулуш компаниянын жетекчиси кармалды

14:26 15.07.2025

АРХИВ

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
« Июн    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү