Эстониялык акробат Яан Руз Босфор кысыгынан Азиядан Европага өттү. Бул тууралуу Hurriyet гезити жазып чыкты.
1074 метр узундуктагы темир аркан 165 метр бийиктикте Стамбулдагы көпүрөнүн мамыларынын ортосуна тартылды. Спортчу жолду 47 мүнөттө басып өттү.
Руздун айтымында, Босфор эки континентти бириктирип гана тим болбостон, миң жылдык тарыхы жана маданий мааниси бар, ошондой эле укмуштуудай кооз. «Мен тарых жаратканыма бактылуумун», — деди ал.
Батыш Казакстан облусунун Сырым районундагы Жымпиты айылында үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен беш бала каза болду. Кырсык болгон учурда ата-энеси үйдө...
Түштүк Кореяда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо оппозициядагы Демократиялык партиянын талапкери Ли Чжэ Мён жеңди. Санактарга ылайык, ага шайлоочулардын 49 пайызы...
Казакстандын Түркестан облусунун Сарыагыш районунда 3 жаштагы кыз дааратканага түшүп кетип, чарчап калган. Күбөлөр жок болгон үчүн кыз этиятсыздыктан түшүп...