Эстониялык акробат Яан Руз Босфор кысыгынан Азиядан Европага өттү. Бул тууралуу Hurriyet гезити жазып чыкты.
1074 метр узундуктагы темир аркан 165 метр бийиктикте Стамбулдагы көпүрөнүн мамыларынын ортосуна тартылды. Спортчу жолду 47 мүнөттө басып өттү.
Руздун айтымында, Босфор эки континентти бириктирип гана тим болбостон, миң жылдык тарыхы жана маданий мааниси бар, ошондой эле укмуштуудай кооз. «Мен тарых жаратканыма бактылуумун», — деди ал.
Уральск Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын Instagram аккаунтунда адаттан тыш видео пайда болду. Өрт өчүрүүчү Жан-Клод Ван Даммдын атактуу ыкмасын кайталоону чечкен. ...
Ахмедабад-Лондон каттамындагы учакта жалгыз аман калган Вишваш Кумар Рамештин үй-бүлөсү 279 адамдын өмүрүн алган кырсыктан кийин кандай жашап жатканын айтып...