УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлк объекттерин кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында аянты 2801 чарчы метр, жанаша аянты 1,29 га болгон, Бишкек шаарынын престиждүү районунда жайгашкан бала бакчанын имараты мамлекеттин балансына кайтарылды. Аталган социалдык мүлк мурда «А» ААКтын балансында болуп, «З» жеке менчик мектеп-комплексине ижарага берилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө 1992-жылы «А» ААКсын менчиктештирүүдө башка объектилер менен бирге мамлекеттик ишкананын балансынан «мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасынын» шарттарын бузуу менен социалдык объект чыгарылгандыгы аныкталган. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы № 37 “Социалдык инфраструктура объекттерин мындан ары пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 10-сентябрындагы № 421 «Кыргыз Республикасынын социалдык инфраструктурасынын объектилерин пайдалануу программасын бекитүү жөнүндө» токтомунун талаптары сакталган эмес, ага ылайык мектепке чейинки балдар мекемелерин массалык түрдө жабууга жана сатууга жол бербөө максатында социалдык инфраструктуранын объекттери уставдык капиталдагы мамлекеттин үлүшүнүн өлчөмүнө карабастан мамлекеттик жана менчиктештирилген ишканалар менен мекемелер тарабынан ажыратылууга тийиш эмес.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында «А» ААКнын акционерлери ыктыярдуу түрдө сметалык баасы 1 миллиард 6 миллион сомду түзгөн имаратты чектеш аймагы менен кошо мамлекетке акысыз өткөрүп беришти. «З» билим берүү мекемеси Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен ижара келишиминин негизинде окутуучулар курамын сактап калуу менен өз ишин улантат.
Ленин РИИБдин кызматкерлери ИИМдин Бишкек шаары боюнча Кызматтык иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте милиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылган жаранды...
Коррупцияга каршы күрөшүүдө улуттук коопсуздук органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан системалуу иштер менен катар, УКМК инвесторлордун жана ак ниет ишкерлердин укуктарын...
Социалдык тармактарда “Lamborghini” үлгүсүндөгү авто унаа Ысык-Кол облусунун аймагында каршы тилкеге чыгуу менен жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жаратып жаткандыгы...
Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук сотунда 20 жылдык кечеден кийин өлтүрүлгөн келинге байланыштуу иш каралып, сот өкүмү чыкты. Соттон билдиришкендей,...
Кечээ, 30-июлда Балыкчы шаарынын тургуну Балыкчы ШИИБге алдамчылык фактысы боюнча кайрылган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. Анын айтымында, белгисиз адамдар...