УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлк объекттерин кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында аянты 2801 чарчы метр, жанаша аянты 1,29 га болгон, Бишкек шаарынын престиждүү районунда жайгашкан бала бакчанын имараты мамлекеттин балансына кайтарылды. Аталган социалдык мүлк мурда «А» ААКтын балансында болуп, «З» жеке менчик мектеп-комплексине ижарага берилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө 1992-жылы «А» ААКсын менчиктештирүүдө башка объектилер менен бирге мамлекеттик ишкананын балансынан «мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасынын» шарттарын бузуу менен социалдык объект чыгарылгандыгы аныкталган. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы № 37 “Социалдык инфраструктура объекттерин мындан ары пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 10-сентябрындагы № 421 «Кыргыз Республикасынын социалдык инфраструктурасынын объектилерин пайдалануу программасын бекитүү жөнүндө» токтомунун талаптары сакталган эмес, ага ылайык мектепке чейинки балдар мекемелерин массалык түрдө жабууга жана сатууга жол бербөө максатында социалдык инфраструктуранын объекттери уставдык капиталдагы мамлекеттин үлүшүнүн өлчөмүнө карабастан мамлекеттик жана менчиктештирилген ишканалар менен мекемелер тарабынан ажыратылууга тийиш эмес.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында «А» ААКнын акционерлери ыктыярдуу түрдө сметалык баасы 1 миллиард 6 миллион сомду түзгөн имаратты чектеш аймагы менен кошо мамлекетке акысыз өткөрүп беришти. «З» билим берүү мекемеси Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен ижара келишиминин негизинде окутуучулар курамын сактап калуу менен өз ишин улантат.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызмат адамдарынын акча каражаттарын талап кылуу жана...
16-апрелде УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук РИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн...
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу жарандан анын кармалышына катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери...
Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө УКМК Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады....
Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө салык органдарынын кызмат адамдары «Б» ЖЧКга карата салыктык текшерүү жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузгандыгы аныкталды....