Жети-Өгүз районуна караштуу Пристань айыл аймагынын көл жээгинен табылган жалгыз ак куу Каракол шаарындагы «Бугу-Эне» зоопаркына өткөрүп берилди. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
«Жети-Өгүз районунун имамы Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясына кайрылып, учууга мүмкүнчүлүгү болбогон куш табылганын билдирген. Ак кууга кам көрүү үчүн Каракол шаарындагы “Бугу-Эне” зоопаркына өткөрүлүп берилди», — деп жазылат билдирүүдө.
«Бугу-Эне» зоопаркында канаттуунун жайлуу болушу жана калыбына келүү мүмкүнчүлүгү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев мыйзамга ылайык келбегендиктен үйлөрү бузулуп жаткан жарандардын маселелерин чечүү боюнча өлкө жетекчилигинин кароосуна сунуш киргизди....
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Өзгөн — Мырза-Аке — Кара-Кулжа эл аралык маанидеги автоунаа...
Кыргызгидрометтин синоптиктеринин божомолуна караганда, өлкөдө 8-14-август күндөрү эң жогорку температура 10-августта күтүлөт. Ал күнү абанын температурасы +39 градуска чейин ысыйт. Өлкөнүн...
Бүгүн, 7-августта агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркта чогултулган “Алтын Казык” ноутбуктарын министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө өткөрүп берүү...