Индияда 400 миллион киши катышкан фестивалда бамбук сахнасы кыйрап түшүп 6 киши каза болуп, 50дөй адам жаракат алды.
Сахна храмдардын биринин жанына орнотулган. Жүздөгөн киши бир учурда чыккандан улам сахна кулап түшкөн. Жабыркагандардын арасында милиция кызматкерлери бар. Уттар-Прадештин башкы министри Йоги Адитьонаттын тапшырмасы менен окуянын жагдайларын текшерүү жүрүп жатат. Жабыркагандар жергиликтүү медициналык мекемелерге жеткирилди. Айрымдарына жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн.
12 жылда бир өткөрүлгөн «Маха Кумбха Мела» фестивалына 400 миллиондон ашык адам келиши күтүлүп жаткан. Бул майрам учурунда динчилдер денесин да, жан дүйнөсүн да тазалап жуунса, кайра төрөлүүнүн чексиз циклинен чыгууга болот деп ишенишет.
Орусия менен АКШнын делегациялары Сауд Арабиянын борборунда расмий сүйлөшүүлөрдү баштады. Сүйлөшүүгө Орусия тараптан Тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Путиндин...
Канаданын Торонто аэропортунда учак кырсыгынан 15 адам жабыркады, деп билдирди CBS News. Учак Миннеаполистен Пирсон аэропортуна келген Delta Airlines америкалык...
Түштүк Кореянын бийлиги жеке маалыматтарды коргоо боюнча мыйзамдарга ылайык келбегендиктен өлкөдө DeepSeek тиркемесинин ишин убактылуу чектеди. Бул тууралуу Yonhap агенттиги...