Президент Садыр Жапаров “Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борборун түзүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, Травматология жана ортопедия улуттук борбору түзүлөт. Токтомдо Министрлер кабинетине үч айлык мөөнөттө министрликке караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борборунун уставын иштеп чыгууну жана бекитүүнү жана андан кийинки келип чыгуучу башка чараларды көрүүнү тапшырылган.