Шаршемби, 09.07.2025
Бишкек booked.net
+20...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Аннастын апасы окуя тууралуу: «Баламдын сабалганын эртерээк билсек…»

12:09 14.02.2025
0
Бишкектеги №72 мектепте сабалып, ооруканада каза болгон Аннастын апасы окуя болгон күндү айтып берди

4-февралда 2010-жылы туулган Аннас Айтбаев Бишкектеги №72 мектепте сабалып, кийин ооруканада каза тапкан. SEREPTV телеканалына маркум окуучунун ата-энеси маек беришти.

Анда маркум Аннас Айтбаевдин апасы Нуризакан Эрмекбаева окуя болгон 21-январь күнү саат 11лер чамасында Бишкектеги №3 балдар ооруканасына келгенде хирургдар текшерип көрүп «Баланы сабап коюшкан эмеспи» деп сурашкан. Аннас «жок» деп жооп бергенине карабай ооруканада жатып, дарыланууну айтышкан. Асма укол берип жатканда баласы тескерисинче кыйналганын айтат эне.

«Балам калп айтчу эмес. Ага асма укол салганда куса баштады. «Мама, башым ооруп кетти, кулагым укпай баратат» деп жатты. Дарыгерлер эртең МРТга түшөсүңөр деп жатышты. Ошентип, саат 19-20лар чамасы болду. Балам чыдабай калганда рентгенге жиберишти. Анан невропатологго бардык. Алар дары жазышты. Баламдын дене табы 34,5ке түштү. Мен корко баштадым. «Эмнеге себебин билбей жатасыңар, балам кыйналып жатат» дедим. Бир учурда хирург келип, «боор тарабы ылдыйлап турат» деди. Ошентип 23:30-24:00төр болуп калды. Мен баламды ЮРФАга алып барам дедим, анткени алар УЗИни эртең кылалы деп жатышкан. Аңгыча хирург келип жандандыруу бөлүмүнө деп алып кетишти. Ал жакта эки сааттай күттүк», — дейт Нуризакан Эрмекбаева.

Эненин айтымында, эки сааттан кийин дарыгерлер чыгып, баланын жүрөгү чоңоюп кетиптир, азыр кардиолог келет дешкен. Эртеси, саат 9дарда Нуризакан Эрмекбаева эжесине кабарлап, ал Улуттук кардиология институтуна байланышып, дарыгерлер 3-балдар ооруканасына барышкан.

«Баланы жылдырбаш керек деп жеке клиниканадан ЭХО чакырганбыз, алар келип жүрөгүн тартышты. Анан Улуттук кардиология институтуна жеке тез жардам унаасын чакырып, алып бардык. Ал жерге келгенде лифттен чыгып, жандандыруу бөлүмүнө кирип баратканда эле балам жаман абалда болчу. Дарыгерлер ары-бери чуркап калышты. Саат 12-13төрдө врач чалып, «балаңыздын жүрөгү ритмге түштү, бирок баланын абалы оор» дешти», — дейт Аннастын апасы.

Эненин айтымында, ал ортодо класс жетечиси менен улам байланышып, Аннастын классташтарынан кантип, кайсы жерден кулаганын тактоону суранган. 24-январда мектептин директору менен класс жетекчиси Аннастын ата-энесине жолугуу үчүн ооруканага барышкан. Аннастын атасы да Орусиядан келип калгандыктан, мектеп директорунан «Камераңар барбы, барып көрөйүн» деп сураган. Мектеп жамааты камералар иштебей турганын айтышкан. Мугалимдер баланын абалын сураганда апасы дарыгерлердин айтканын бөлүшкөн.

«Мен дарыгерлерден уккан сөздөрдү айттым. «Баланын жүрөгү чоңоюп кеткен, баланын абалы оор» деп.  «Жүрөгү чоңоюп кетиптир» деген сөздү мугалимдер «Баланын жүрөгү ооручу экен, кичинесинен жүрөк кемтиги бар экен, операция боло турган бала экен» деп маалымат таратып коюшкан. Көрсө, ага чейин эле мугалимдер баламды 9-класстын окуучулары урганын билишкен экен. Урган баланын ата-энеси, бала менен сүйлөшүшүптүр. Аларды баламдын классташтары көрүптүр», — дейт Нуризакан Эрмекбаева.

Баласы 4-февралда каза болуп, ата-эне Аннастын сөөгүн айылга алып кетишкен. Аннастын классташтары аны менен коштошууга үйүнө келип, Нуризакан Эрмекбаеванын инисинин уулуна кезигишкен. Классташтары Аннасты 9-класстын балдары сабаганын айтышкан. Баланын сабалганын эртерээк билгенде дарыгерлер башкача аракет кылмак деген эне буларды айтты: «Эгер мугалимдер эртерээк бала жыгылбаптыр, сабалыптыр дегенде, дарыгерлер да башкача кадам кылышмак. Өтү жарылган же көк боорго тепкен деп да айтып жатышат».

Аннастын апасынын айтымында, сабаган балдар бешөө болгон. Балдар тизилип турганда, Аннас биринчи тургандыктан алгач аны сабап, ал эсин жоготкондо башка балдарды да сабаган.

«Кайрылып келип кайра тургузгула деп, дагы сабайын десе, баламдын өңү кубарып жаман болуп тургандыктан Аннастын классташтарын бирден чыгарып жиберишкен. Анан сабаган балдардын экөө баламды медпунктка алып келишкен», — дейт апасы.

 

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Гүлмайрам Сабирбекова

Гүлмайрам Сабирбекова

Окшош

Нурлан Мотуев кармалды

Нурлан Мотуев кармалды

Автор Эдита Ильясова
18:01 09.07.2025
0

Бишкекте Нурлан Мотуев кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, ал Свердлов РИИБге профилактикалык сүйлөшүүгө жеткирилмек, бирок ал милиция...

10-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

10-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Автор Эдита Ильясова
17:47 09.07.2025
0

Эртең, 10-июлда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап,...

Ысык-Көлдө жол эрежесин 138 жолу бузуп, айып пулун төлөбөй жүргөн айдоочу табылды

Ысык-Көлдө жол эрежесин 138 жолу бузуп, айып пулун төлөбөй жүргөн айдоочу табылды

Автор Эдита Ильясова
17:19 09.07.2025
0

Ысык-Көлдө жол эрежесин 138 жолу бузуп, айып пулун төлөбөй жүргөн айдоочу аныкталды. Mercedes Benz Wito унаасынын ээси мамлекетке 112 миң...

Садыр Жапаров Тажикстандын премьер-министри менен сүйлөшүү жүргүздү

Садыр Жапаров Тажикстандын премьер-министри менен сүйлөшүү жүргүздү

Автор Эдита Ильясова
16:29 09.07.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда Тажикстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Душанбе шаарында Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзода менен сүйлөшүүлөрдү...

Тоңдо көл үстүндө пирс куруп жаткан 8 жумушчуну шамал айдап кеткен (сүрөт)

Тоңдо көл үстүндө пирс куруп жаткан 8 жумушчуну шамал айдап кеткен (сүрөт)

Автор Эдита Ильясова
15:47 09.07.2025
0

Кечээ, 8-июль күнү саат 16:30да Тоң РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кажы-Сай айылындагы пансионаттын пирсин куруп жаткан 8 жумушчу көл үстүндө понтон...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
«Бут кийимдин боосу менен муунтушкан». Ысык-Көлдө таксист киши колдуу болду

"Бут кийимдин боосу менен муунтушкан". Ысык-Көлдө таксист киши колдуу болду

09:22 09.07.2025
Чүйдө аял уулу тарабынан сабалып, ооруканага түштү

Чүйдө аял уулу тарабынан сабалып, ооруканага түштү

09:40 09.07.2025
Таласта СИМ-карта сатып алган келин алданып калганын билген

Таласта СИМ-карта сатып алган келин алданып калганын билген

12:08 09.07.2025
Нурлан Мотуев кармалды

Нурлан Мотуев кармалды

18:01 09.07.2025
10-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

10-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17:47 09.07.2025
Ысык-Көлдө жол эрежесин 138 жолу бузуп, айып пулун төлөбөй жүргөн айдоочу табылды

Ысык-Көлдө жол эрежесин 138 жолу бузуп, айып пулун төлөбөй жүргөн айдоочу табылды

17:19 09.07.2025

АРХИВ

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
« Июн    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү