Анын айтымында, турак жай комплекси 31 блоктон турат. Көп кабаттуу үйлөр 15 кабаттуу курулуп, комплекс 2 290 батирден турат жана жалпы аянты 184 835,06 чарчы метрди түзөт. Аталган комплексте төмөнкү социалдык жана инфраструктуралык объекттер мектеп, бала бакчалар, унаа токтотуучу жайларды камтыйт. 7 блоктун биринчи кабаттарында коммерциялык жайлар, бизнес жүргүзүү үчүн аянт бөлүнгөн.
«Бул жаңы комплекс Токмок шаарында жашоочулардын бардык муктаждыгын эске алып курулат жана шаардык инфраструктураны жакшыртууга өбөлгө болот», — деп жазган Каныбек Туманбаев.