Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин бүгүн, 14-марттагы таңкы кыдыруусу Көкүмбий көчөсүндө уланды.
Аталган көчөнүн абалын көрүп чыккан соң, шаар башчысы жеринде тиешелүү кызматтарга кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуштарды, мыйзамсыз орнотулган тосмолорду алып салуу, аталган аймакты эскирип, каралбай калган бадал, дарактардан тазалоо, көп кабаттуу үйлөрдүн, соода түйүндөрдүн сыртын боёп, оңдоп-түзөө жана бирдиктүү көрүнүшкө келтирүү менен бирге жасалгалоону тапшырды.
Андан кийин «Жапалак» унаа базарында дагы болуп, ага канал аркылуу өтүүчү көпүрөлөрдү куруу, башаламан жайгашкан дүкөндөрдү, коомдук тамактануучу жайларды жана административдик имаратты иреттеп, бир калыпка келтирүү боюнча тапшырмаларын койду.